Президент оппозиция менен жолугушпай калгандан кийин укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилованы, Наталья Абдованы, Азиза Абдурасулованы жана "Менин өлкөм" партиясынын өкүлү Галина Куликованы кабыл алган. Алар оппозиция менен президенттин жолугушуусуна байкоочу катары чакырылышкан. Галина Куликова президентке "Реформа үчүн" кыймыл коюп жаткан талаптарды айткан. Ага жооп кылган К.Бакиев оппозиция каалап жаткан Конституциянын долбоорун парламентке киргизүүгө даяр экенин, ал эми башкаруунун кайсы формасын тандап алуу керек деген суроо коюла турган референдумдан баш тартууга даяр экендигин билдирген.
Төлөйкан Исмаилова болсо элдин көбү Кыргызстандын HIPC программага киришине каршы экендигин айткан. Президент "эгер ал Кыргызстанга зыян болсо бир да документке кол койбой турганын" убада кылган.
К.Бакиев жолугушуу учурунда көтөрүлгөн "Пирамида" компаниясы боюнча маселеге тиешеси жоктугун айтып, бул маселе сот аркылуу чечилиши керек деген.
Азиза Абдурасулованын маалыматы боюнча президент оппозиция менен жолугушууга даяр, ал эми бүгүнкү жолугушуу президенттик администрация менен оппозициянын кездешүүнү уюштуруу ишиндеги кемчиликтен улам үзгүлтүккө учураган өңдөнөт, деди укук коргоочу.