Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

ИНТЕРНЕТ ДЕГЕН ДҮЙНӨНҮН СЫРЛАРЫ ЭМИ АЧЫЛУУДА


Компьютер жана технология доорунда Интернетте өз ордун ээлегиси келген сайттар улам жаңы идея ойлоп таап, окурмандардын ишеничи, кызыгуусу үчүн күрөшкөнү күрөшкөн. Мисалы, дүйнөлүк эркин энциклопедия деген атка конгон wikipedia.org сайтынын түзүүчүлөрү азыр бул сайтты редакциялоо, андагы макалалар адистер тарабынан жазылышы керекпи? – деген суроонун тегерегинде талашып жатышат.

2001-жылы түзүлгөн wikipedia.org сайтында каалаган киши макаласын жазып, аны оңдой алат, башкача айтканда бул коомдук сайт. Беш жыл ичинде 5 миллиондон ашуун темага бай маалымат топтогон сайт азыр “дүйнөлүк эркин энциклопедия” деген атка конгон. Өткөн айда эле 33 миллион киши пайдаланган бул сайтты бир эле киши тейлейт экен.

“Адамзаттын акылын топтоо” урааны астында түзүлгөн сайттагы макала-маалыматтардын баарын сайттын күйөрмандары, же Independent гезити жазгандай, “уикиманьяктар”, жана башка интернет фанаттар жайгаштырып-оңдоп-түзөп келет.

Сайттын кыргызча бөлүмүнө өз макалаларын жазып жүргөн Жаныбек Жанызак, уикипедианын изденип отуруп чындыкты табуу принциби анык калыс маалымат таратууга шарт түзөт деген пикирде.

- Бирөө мисалы үчун бир маалыматты таштайт: Кыргыздар 2200 жыл мурун пайда болгондо деп. Башка бирөө айтат «Жок, Кытайда кыргыздар 5000 жыл мурда» деп. Мына ошентип оңдоолорду киргизе беришет. Адам ыйманы мына ушул жерден тим эле кашкайып ачылып көрүнөт да. Баарынан кызыгы, ар ким өзүнүн тилинде маалыматтарды киргизет. Эми ал маалыматтардын камтыган чөйрөсү аябай кенен. Биологиядан баштап, адабият-маданият. Иши кылып бүт тармакты камтыйт да. Анан маалымат канчалык көп болсо, 100 маалымат түшсө ошонун ичинен ошол коомго кеминде 50дөй маалымат сөзсүз пайдалуу болот. Мына англичаниндердин, америкалыктардын өсүшү ушундан. «Ким маалыматка ээ болсо, ошол дүйнөнү башкарат» деген сөз ушундан чыккан. Бизде чиренген байлар деле бар. Алар кыргызга ушундай сайт ачып бергенден качышат

Деген пикирин ортого салды Wikipedia сайтынын кыргызча бөлүмүнө өз макалаларын жазып жүргөн Жаныбек Жанызак.

Ошентсе да, бул эркин интернет-энциклопедияны түзгөн эки кишинин бири Ларри Сэнжер бул сайтта кемчиликтер көп болууда, редактор, илимпоз-адистерди жалдап башка жаңы сайт ачам деп жарыялады. Сэнжер айтып жаткан жаңы сайт Citizendium деп аталып, Уикипедияга салыштырмалуу ишеничтүү болоору белгиленген. Бирок чындыгында эле уикипедиядагы маалыматтарга ишенүүгө болбойбу? Анда макала жазган киши физика илимдеринин профессору, же билимсиз адам дагы болушу мүмкүн. Ишенип же ишенбөө бул сиздин эркиңиз.

Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, Wikipedia ишеничтүү булактарды, башка интернет баракчаларынан издөө үчүн ыңгайлуу сайт болгону менен, анын барактарында шакабалар да кездешпей койбойт. Мисалы бир ирет сайтта америкалык куудул Стивен Колберт, дүйнө жүзү боюнча пилдердин саны 3 эсеге көбөйгөн деген жалган маалыматты таркаткан.

Бирок сайттын негиздөөчүсү Джимми Уэльстин айтымында жакынкы күндөрдөн бери ар бир колдонуучу 1 суткада 3 эле жолу маалымат өзгөртө алат деген чечим чыгарган. Башкача айтканда чектөө коюлду. Ал эми Кыргызстанда сайтты ушундай эркин колдонууга мүмкүн болгон интернет баракчалары жокко эсе. Ар бир сайттын өзүнүн администратору, башкача айтканда кароолчусу болот. Бул сайтта тартипти сактоого шарт түзөт деп эсептейт 24.kg интернет баракчасынын журналисти Наргиза Юлдашева:

- Маалымат сайттарында цензура сөзсүз керек деп ойлойм. Себеби ал болбосо, интернет колдонуучулар ар нерсени жаза беришип, бири-бирине орой мамиле жасай башташат. Миң адам болсо, миң пикир дегендей, ар ким өзүнүн айтканын туура деп эсептейт. Андыктан дайыма сайтка көзөмөл салып туруш керек. Маалымат сайттарына ким кирет? Ар кайсы өлкодөн, ар кандай билим деңгээли жана тарбиясы менен колдонуучулар. Ар биринин ишенген дини да башка. Ошол себептен кызыкчылыктардын тирешүүсү дагы сөзсүз болот. Тилеке каршы баардыгы эле тартиптүү эмес,-деди Наргиза Юлдашева.

Бирок “талаштан тактык жаралат” дегендей балким эркин энциклопедиянын элдин баарынын пикирин билүү принциби да туурадыр. Айтор, Wikipedia сайтындагы маалыматтарга ишенүүгө болобу? Эгерде 33 миллион колдонуучунун пикири туура эмес болушу мумкүн эмес деп эсептесеңиз, анда ооба, ишене аласыз. Бирок бул дагы сиздин эркиңиз.

Зейнеп Мартбек кызы, Азаттык+
XS
SM
MD
LG