ТАЛАС. Конфренция Талас мамлекеттик университеттин жыйындар залында болуп, облустагы 200дөн ашык бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана облустук, райондук, шаардык мамлекеттик администрациянын бөлүм башчылары катышты. Конфефренцияда айрым өкмөттүк кызматкерлердин бей өкмөт уюмдарына көз карашы терс болуп жатканы туурасында жана 2-ноябрь күнү Бишкекте өтүүчү митинг тууралуу өкмөттүк эмес уюмдардын айрым өкүлдөрү оппозициянын сунуштары туура десе, дагы бири оппозиция өкмөткө коюп жаткан талаптардын көбү туура эмес, баарына кошулуу болбойт, диалог катарында чечкени жакшы деген ойлорун билдиришти.
Уланбек Эсенгелди
Уланбек Эсенгелди