КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы облустук драм театрда чогулган эл мамлекет башчысына конституциялык реформанын кечеңдеп атканына нааразыланып бир топ суроолорду берди. Президент Курманбек Бакиев анын негизги себебин парламенттик угууга жөнөтүлгөн үч вариантын депутаттар карабай атканы менен түшүндүрдү. Президенттин айтуусунда, депутаттар саясий оюндарга көбүрөк убакыт сарптап, Баш мыйзам кабыл алууну өздөрү кечеңдетип атат. Эгерде ноябрь айында дагы алар Конституциялык долбоорду талкуулап бүтпөсө, декабрь айында элдик референдум өткөрүлөрүн билдирген. Курманбек Бакиев бул маселе Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановго дагы расмий маалымдалганын белгиледи.
Рита Нурмамбет кызы
Рита Нурмамбет кызы