ЖАЛАЛАБАТ. Тогуз айда облус өнөр жай жана айыл чарба тармагында 13,7 млрд. сомдук өнүм чыгарган. Орточо айлык менен бирге жакырчылыктын деңгээли өскөн. Район, шаарлардан 2-ноябрда болору күтүлгөн "Реформа үчүн" кыймылынын митингисине каршы акцияларды өткөрүү өтүнүчтөрү түшкөн. Коомдук саясий жагдайды эске алган облустук бийлик ал сунуштарды колдогон эмес. Губернатор Искендер Айдаралиевдин жообу боюнча оппозиция өз кызыкчылыгына жан тартпай, элдин ой-пикири менен да эсептешүүсү керек. Социалдык фонддун карызы 241 млн. сомго, салык карыздары 94 млн. сомго жетип, 16 ишкана өндүрүш көлөмүн былтыркыдан төмөндөтүп ийген.
Ырысбай Абдыраимов
Ырысбай Абдыраимов