Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

14:00 Орозбек Дүйшеев: Элди бөлүп-жарбай эки тарап кайрадан сүйлөшүүгө барышы керек


Эки тараптын сүйлөшүүсүнүн үзгүлтүккө учурашы, бүгүнкү кездеги саясий кырдаалдын өтө курчуп баратканынан кабар берет. Үч бийлик үч саясий көз карашта болуп, мамлекеттик бийлик органдары ич ара бөлүнүп, жарылууга жакындап калды,-деп билдирди экс-депутат Орозбек Дүйшеев “Азаттыкка”. Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү акыбал өткөн жылдагы март окуясынын биринчи күндөрүн эске салып жатат. “Жаңы бийлик элдин мүдөөсүн аткара албагандыгынын негизинде күн өткөн сайын ишенимден кетүүдө. Элди бөлүп-жарбай эки тарап кайрадан сүйлөшүүгө барышы керек”, дейт Дүйшеев.

XS
SM
MD
LG