Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

КЫРГЫЗДАР УЛУУ СҮЙМӨНКУЛГА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУУНУ ЧЕЧИШТИ


(Өтүп бараткан аптанын маданий окуялары)

Бул жумада Бишкекте “Мода жумалыгы” өттү. Анда өлкөдөгү бир катар жеңил өнөр жай ишканалар жана жаш моделчилер жасаган кийимдер топтому көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Иш-чарада жалпысынан кырктан ашык коллекция ар түрдүү аталыштар боюнча көрүп олтургандардын кароосунан өттү. Мисалы, борбордогу “Ассаль” салону бул көргөзмөгө бүгүнкү күнгө ылайыкташтырылып тигилген улуттук кийимдерди алып келген.

Мода жумалыгында ошондой эле белгилүү болгон моделчилердин иштери чеберчиликтин үлгүсү катары көрсөтүлүп, Кыргызстандагы жаш моделчилерди жумуш менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жаш адистерге жардам берүү жана алардын жасаган иштери менен Кыргызстанды модасы өнүккөн өлкөгө айландыруу максатын көздөгөн бул иш-чара “Витлайн” промоушен борбору тарабынан уюштурулду. Бул мода жумалык улуттук филармонияда жыйынтыкталды. Анда мыкты деп табылган 12 кийимдер топтомуна сыйлыктар тапшырылат.

Жума күнү улуу киноактер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналып, кайрымдуулук марафону өткөрүлдү. Коомчулуктун катышуусунда өткөн бул марафондо мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров катышып, өлкө башчысы Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен кетип жаткандыгына байланыштуу бул марафонго келе албай калгандыгын айтып, президенттин резервдик фондунан 100 миң сом которуларын белгиледи. Ал эми вице премьер министр Тынычбек Табалдиев бул эстелик кыргыз эли үчүн керек экендигин айтты.
Сүймөнкул Чокморовдун айкелин орнотууга 2 млн 400 миң сом акча керек. Маданият министри Султан Раевдин айтымында эстелик келерки жылдын жазында даяр болуп, Бишкектеги Россия кинотеатрынын жанына орнотулат.

Ушул эле күнү Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде Сүрөтчүлөр биримдигинин Оштогу бөлүмүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган мааракелик көргөзмө ачылды. Анда оштук сүрөтчүлөрдүн живопись, графика жанрындагы чыгармалары менен бирге чеберлердин колунан жаралган буюмдар көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.


Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG