БИШКЕК. Кыргызстандын аймагында ишемби күнү беш жерде өрт болгондугу тууралуу маалыматты республикалык өрт кызматынан бүгүн маалымдашты. Чүй облусунда эки, Жалалабад, Ош облусунда бирден, Бишкекте бир өрт катталган. Кырсыктын кесепетинен жыйылган чөп, саман, сарайлар өрттөнүп, адамдар жабыркаган эмес. Аталган кызматтын билдиргенине караганда, кырсык көпчүлүк учурда өрт коопсуздугун сактабагандыгынан келип чыгууда.(AJ)