Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

11: 30 Былтыр Максим Бакиев “Пирамидага” баш көз болчу кишини тааныштырыптыр


Президенттин баласы Максим Бакиев өткөн жылы май айында “Пирамида” телерадиокомпаниясына келип, ишенимдүү адамы катары Алексей Кимди “Пирамиданын” ишине баш көз болот деп тааныштырып кеткен. Бул тууралуу аталган телекомпаниянын президенти Адылбек Бийназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Алексей Ким бир нече жолу Бийназаровду коркутуп, компанияны башкарууну өткөрүп берүүнү талап кылган. Кийинки кездерде “Пирамидага” кысым көрсөтүү жана теле жабдыктарды өрттөп кетүү аракеттерине бийликтин да тиешеси бар, дейт Бийназаров. Президент Курманбек Бакиев өз кезегинде “Пирамиданын” чырына балдарынын жана туугандарынын кылдай тиешеси жок экенин айтып келатат.(AJ)

XS
SM
MD
LG