Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ : «ДЕЖУР ЖОЛУГУШУУГА БАРБАЙБЫЗ»


“Реформа үчүн” кыймылынын лидерлери 21-октябрда президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик адамдары менен сүйлөшүүлөргө баруудан баш тартышкан болчу. Бул кыймылдын теңтөрагасы, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев сүйлөшүүлөрдөн оппозициянын баш тарткандыгына кандай себептер болгону, окуя мындан ары кандай өнүгө турганы жөнүндө “Азаттыкка” ой-бөлүштү.

- Президент менен оппозиция ортосунда сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады. Бирок, ушул апта ичи аны кайра уюштурууга болобу сиздердин көз карашта?

- “Реформа” кыймылы сүйлөшүүлөргө ар дайым даяр. Экисине чейин убакыт бар, экисинен кийин да убакыт бар. Экиси артка кайткыс окуя боло турган күн эмес. Ошондуктан сүйлөшүүлөргө биздин ар дайым мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок сүйлөшүүлөргө умтулуу чын ниеттен болуп, бир жыйынтык чыкканга багытталган болуш керек. Сүйлөшүүнү шылтоо кылып убакытты созуу методун бүгүнкү бийлик бир жарым жылдан бери пайдаланып келип атат. Президент бир жарым жылдан бери үч жолу проект алып чыгып, үч жолу тең аны жаратпай, кайра-кайра талкууга салып, андан ары созуп келип атат. Мына азыр да үч проектини мен жактырганым жок, аны Жогорку Кеңешке алып чыкпайм деп өзү парламентте убада бергенине карабастан, “мен Жогорку Кеңешке жөнөттүм, алар карабай атат” деген шылтоону көлгө барганда айтып, ошол талкууну таңуулап, убакытты дагы созгонго аракет кылып атат. Менин оюмча, өлкө лидерлери үчүн бир жарым жыл өз көз карашын аныктаганга жетишерлик убакыт деп эсептейм.

- «Реформа үчүн” кыймылы биринчи кезектеги беш талапты аныктаган экен, биринчи Жогорку Кеңешке Конституциянын макулдашылган долбоорун киргизүү жөнүндө. Мында алгачкы Конституциялык кеңешме даярдаган долбоор жөнүндө сөз болуп жатабы?

- Конституциялык кеңешменин биринчи тобу даярдаган долбоор жөнүндө сөз болуп жатат. Албетте биз алдын ала айткандай эле кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө биз макулбуз.

- Биринчи кезектеги беш талаптын ичинде дагы бири Баш прокуратураны, экинчиси Бишкектин ички иштер башкармалыгын жетектеген бир тууган Конгантиевдерди кызматтан алуу жөнүндө маселе жүрөт. Демек, бул инсандар азыр көп нерсеге көз карандыбы, же маселе алардын Бакиевдердин үй-бүлөсү менен байланышы бардыгынан улам сезилип жатабы?

- Албетте, Бакиевдердин ишенген күч органдарындагы адамдарын отставкага кетирүүнү оппозициянын тактикалык максаты деп кароого мүмкүн,. Бирок андай эмес, анткени бизде эң чоң кемчилик, бул мыйзамды сыйлабагандык, соттун чечимин сыйлабагандык деп айтып келатабыз. Ал эми күч органдар биринчи кезекте мыйзамды сактоо, мыйзамдын авторитетин калыбына келтирүүгө милдеттүү. Бирок тилекке каршы соттун чечимин эл алдында генералдык прокуратура, шаардык ички иштер башкармалыгы, башка мамлекеттик уюмдар, министрлер аткарбай атат. Мыйзамды сактоочу органдын жетекчилери өзүлөрү ушундай үлгү берип атса, жер-жерлердеги адамдар мыйзамды, соттун чечимин аткарабы. Ошондуктан күнүнө үчкө жакын митинг болуп, жер-жерлерди менчиктер талашка түшүп, ар кандай укуктар талашка түшүп, Кыргызстанда чаң-тополоң уланып жатат. Ошондуктан президент күнөө кетирген, элге жаман үлгү көрсөткөн адамдарды кызматтан кетирип, алардын иш аракетине баа бериш керек деп эсептейбиз.

- Сиздин көз карашыңызда азыркы кырдаал 24-марттын алдындагыдай эмеспи?

- 24-марттагы кырдаалга караганда айырмасы бар. Анткени бүгүнкү абалга нааразы болгондор 24-марттагыга караганда алда канча көп, терең. Эң негизгиси оппозиция өкүлдөрү дагы, нааразы болгон көпчүлүк дагы эмне жасаш керек экенин билет. Ал кагаз жүзүнө түшүрүлүп, Конституциянын проектиси катары коомчулукка жана бийликке бир жарым жылдан бери сунуш болуп келе жатат. Эң негизгиси бул өзгөрүүлөрдү талап кылуунун моралдык да, саясий да негизи мурункуга караганда күчтүү, анткени президент Бакиев эл алдында, кагаз жүзүндө бир нече жолу мен ушуларды жасайм деп убадасын берген. Ошондуктан жыйырма төртүндө Кыргызстанда өкмөт да, президент да, парламент да жок болуп башаламандык болсо, азыр окуялардын кайсы багытта өнүгө тургандыгы так аныкталып, ар бир кадамы белгилүү десек болот.

- Өткөн аптада сүйлөшүүнүн үзгүлтүккө учурашынын себеби катары аталган формат маселеси болду. Бул эмне үчүн маанилүү болуп жатат?

- Абдан маанилүү, анткени бул формат ниеттин чындыгын айкындайт. Эгерде президент өзү тараптан Топчубек баш болгон он чакты коштоо группасын алып келсе, ал жерде кандай сөз болушу мүмкүн. Дагы эле баягы эски талаш, 15 жылдан келаткан дискуссия башталат. Ар кандай сөздөр айтылат, ошону менен бүтөт. Биз бул окуяны бир жарым жылдан бери көрүп келатабыз. Конституциялык кеңешменин санын президент 300гө чейин жеткирип, талаш клубуна айландырды. Конституциялык кеңешменин экинчи тобу бир дагы чечим кабыл ала алган жок, бир дагы сунуш киргизе алган жок. Аны дискуссия клубуна гана айландырып, президент өзүңөр бир чечимге келе албай атасыңар деген шылтоо менен четке чыга бергенди адат кылып алды. Кечээки болбой калган жолугушуу да ушундай болмок, Топчубек менен барыбыз талашып, өзүңөр макул боло албай атасыңар дегендей жоопкерчиликтен четке чыга бермек. Ошондуктан бир тараптан президент өзү, анткени ал гана чечим кабыл ала алат, экинчи тараптан “Реформа” кыймылынын өкүлдөрү чыкса, ошону менен бүтөт.

- Бүгүнкү күнгө карата жолугушуу өтөр-өтпөсү азырынча белгисиз деп айтсак болот да?

- Азырынча белгисиз. Анткени өкмөт президент тараптан конкреттүү сунуш түшө элек. Эң негизгиси кандай форматта болот, кандай жыйынтык чыгышы мүмкүн, мына ушундан көз каранды. Эгерде бул жөн эле катардагы дежур жолугушуу болсо, анын зарылчылыгы барбы, жокпу деген суроо туулат.

XS
SM
MD
LG