Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

АКТАЛАА РАЙОНУ 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИН БЕЛГИЛЕДИ


Нарын облусунун алыскы аймактарынын бири Акталаа районунун түзүлгөндүгүнө 70 жыл болду. Мааракеге арналган салтанат райондун Берметжал деген атмайдан жыйынында өткөрүлдү. Акталаалык бир катар тургундарга облустук жана райондук деңгээлдеги наамдар ыйгарылды. Азем улуттук оюндар менен коштолду. Бирок айрым тургундар наамдарды ыйгаруу мурунку замандардагыдай кейипте алдым-жуттумдарга берилди деп эсептешет.

6 миң чакырым аянтты ээлеген чыгыштан батышка 107, түндүктөн түштүккө 99 чакырымга созулган Акталаа жергеси Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин баамында өзгөчө аймак:

"15-16-17-кылымда жунгарлар келип Чүйдү, Таласты басып алган. Нарынга ыдык көрсөткөн, Акталаага өтө алган эмес. Кокон хандыгы кылычын көтөрүп келгенде ушул жерден кайра Тайлак баатыр токтоткон. Демек Акталаа жергесинде кыргыздын туусу жыгылган эмес", - деп сөз сүйлөдү Каныбек Иманалиев.

Президенттин жана өкмөттүн атынан куттуктаган маданият министри Султан Раев өлкөнүн экономикалык абалына арбын сөзүн арнады:

"Быйылкы жылдын 8 айынын ичинде ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 3,5 пайызды түздү. Кумтөр кенин иштетүүчү иш чараларды кошпогондо экономиканын өсүшү 6,6 пайызды түздү. Бул дээрлик прогноздук көрсөткүчтүн деңгээлинде", - деген Султан Раев мамлекеттик сыйлык наамдарды тапшырды.

Нарын облус губернатору Жыргалбек Азылов бул мааракени ашыкча шаан-шөкөтсүз майрам деп белгиледи:

"Бул мааракенин эң олуттуу өзгөчөлүгү ашыкча шаан-шөкөтү жок, элдин ынтымагынын майрамы деп эсептер элем."

Акталаанын 70 жылдыгына болжолу 7-8 миңдин айланасындагы эл күбө болду.


- Майрам абдан жакшы өтүп атат. Бул да болсо акимдин болгон көп эмгектеринин натыйжасы болуш керек,-деди майрамга катышып жаткан тургундардын бири.

Бирок Карабүргөн айыл Кеңеш депутаты Болотбек Чокморов наамдар, грамоталар кечеки доордой бөлүштүрүлгөнүн айтат:

- Ардак грамоталарды, сыйлыктарды тапшырууда чыныгы эмгектин ээси карапайым элден көрсөтүлбөй калууда. Ар бир айылда жашаган элде ким жакшы иштейт, ким татыктуу экени айылдык Кеңештин сессиясында көрсөтүлүп, рай Кеңеште талкууланып, ошол жерде бекитиш керек болчу. Чындыгында андай болгон жок, баягыдай эле мурдагы буйрукчул жогорку жактан көрсөтүлмө саясат болуп атат. Көбүнчө эле жеген-ичкен, колунда бардар көрсөтүлдү, - дейт Болотбек Чокморов.

Ал эми улуттук оюндар элдин черин жазды.

XS
SM
MD
LG