Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:37

ИНВЕСТОРЛОР КЕҢЕШИ: ӨКМӨТ УГАР БЕКЕН?


Кыргызстанга чет эл инвестициясын арбын тартуу үчүн оголе көп иш-аракет жасоо зарыл. Ал үчүн ириде мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийликтеринин иши ачык, туруктуу, анан да коррупциядан алыс болушу абзел. Инвестициялык жагымдуу маанай түзүү тууралуу эларалык ишкерлер кеңешинде сөз болду.

Жүздөн ашуун ири чет элдик, атамекендик компаниялардын башын кошкон эларалык ишкерлер кеңеши өткөн жылы да өкмөткө инвестициялык маанайды жакшыртуунун жолдору тууралуу кеңешин берген. Эларалык ишкерлер кеңешинин төрагасы Умар Шавуровдун айтуусунда, алардын айрымдары гана аткаруу бийлиги тарабынан эске алынды.

- Сунуштарды бергенден кийин анын канчасы аткарылды, канчасы аткарылбаганын талдап көрөбүз да. Ошол сунуштарыбыздын ичинен 10% эле аткарылыптыр. Мен ойлойм, бул өтөле аз. Ошондуктан биз ушул жылдагы негизги максатыбыз катары жанагы сунуштарыбыздын өкмөт тарабынан аткарылышы боюнча конкрет иштөөнү коюп жатабыз.

Ишкерлер кеңешинде айтылган пикир-сунуштардын көпчүлүгү эске алынат, дейт өкмөттүн финансылык отчеттуулукту текшерүү агенттигинин жетекчиси Юруслан Тойчубеков.

- Бул жактагы айткан сөздөр боюнча, көп багыттар боюнча биз иштеп жатабыз.

Жыйында чет эл инвестициясы тоокен өндүрүшүнө арбын тартылып жатканы айтылды. Бирок да азырынча бул тармакта «Кумтөрдөн» башка аздыр-көптүр иштеп жаткан ири чет инвесторлорун көрсөтүш кыйын. «Жерүй» алтын кенинин айланасындагы талашка чекит коюла элек. Тармактын ишин ачык кылып, оюн эрежесин так сактап, коррупцияны тизгинин тармайын бул жаатта чоң жылыш болушу күмөн.

«Консультант» компаниясынын жетекчиси Закир Абдрашитов салык саясатында олуттуу дегидей өзгөрүү болбой жатканын, мунун айынан көмүскө бизнес коңулдан чыкпастыгын мисалга тартты.

- Дүйнөлүк банктын статистикасына ишенсек, Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнүн 94% өздөрүнүн жүгүртүүдөгү каражатынын так санын жашырат.

Кошумча нарк салыгы Кыргызстанда 10% түшкөнү менен социалдык төлөмдөрдүн көлөмү 29% жетет. Мындай шартта көмүскө экономиканын жакын арада коңулдан чыгышына ишенүү кыйын.

Эларалык ишкерлер кеңешинин жыйынында жаңы жазылып жаткан Салык кодексинин долбоорунда ыксыз текшерүүлөргө жол ачкан жоболор кирип кеткени сынга алынды. Республиканын салык инспекциясынын жетекчи орунбасары Адылбек Касымалиев долбоордо колдон келишинче салык төлөөчүлөргө жеңилдиктер берилгенин мисалга тартты.

- Мен дагы бир жолу кайталап коеюн. Жаңы Cалык кодексинин долбоорунда эч кандай кошумча текшерүүлөр жок. Биз тескерисинче, айрым текшерүүлөрдүн жоопкерчилигин алып салдык.

Өнүккөн өлкөлөрдө кредиттин ички дүң продуктка катышы 100% деңгээлинде. Кыргызстанда бул көрсөткүч 8% аша элек. Европа өнүгүү жана реконструкция банкынын өкүлү Даниэль Берг Кыргызстан дагы канатташ Казакстан менен жанындагы Кытайдын жолун жолдоп ыкчам өнүгүү жолуна түшүшкө мажбур деген пикирде.

- Биз бул жерде деле Казакстандагыдай эле өнүгүү болот деп күтөбүз,- дейт Д.Берг.

Кыргызстанга ири инвестициянын келбей жатышына ички рыноктун кичинелиги, мурунку советтик системадан калган бюрократиялык башкаруу аппаратынын көптүгү, анан да аткаминерлердин туташ дегидей коррупцияланганы бөгөт болууда.

XS
SM
MD
LG