Улуу Британиянын ордо калаасына Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев жетектеген делегация эсеби жүзгө чукул кишиге жеткен. Олтурумга 250 дөй эл аралык банктар, инвестиция кошууга даяр компаниялар, соода уюмдары өкүлдөрү катышкан. Алар жери карамайга бай Татарстанга кантип байлык кошуунун башкы багытын талкуулашканы белгилүү болот.
Лондондо президент Шаймиев түз эфирде Бибиси аркылуу ар кайсы мамлекеттен түшкөн суроолорго жооп берген. Маселен, Австриядан келген: «Татарстан өз алдынча мамлекет болсо азыркысынан ийгиликтүү өсөт беле?» - деген суроого мындайча жооп берген:
«Ал (өз алдынча мамлекет болуу – ММ) жөнөкөй иш эмес. Биринчиден – биздин (Татарстан менен Орусиянын – ММ) экономикасынын тутуму аралаш. Экинчиден - татар элинин жери Орусиянын дал ортосунда. Эң башкы кеп ушунда. Биз элди унутпашыбыз керек. Көз карандысыздыкты айткандар экономиканын эсебин чыгарып, бирок улуттук коопсуздукту унут калтырышат. Мамлекеттүүлүк жердиги болгон түзүлүштөр, айталы, армиянын керек экендигин алар эстеринен чыгарып коюшат. Бирок кеп ал туурасында эмес. Азыр биз бараткан жолдогу бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланышыбыз керек деп эсептеймин», - деген Татарстан жумуриятынын президенти.
Лондондо өткөн Татарстанга чет элдик байлык тартуу жыйынына катышкан Орусиядагы дүйнөлүк банктын өкүлү Кристалина Георгиева «Эркин Европа жана Азаттыктын» кабарчысы Жан Жун менен пикир алышкан. Анын пикири боюнча КМШ өлкөлөрүндө кеңири кулач жайган паракорчулук Татарстанда жокко эсе:
«Бейрасмий акы» төлөө башка чөйрөлөрдү катуу кысымга алган кез. Андай жорук жайылбаган өлкөлөр арасында – Татарстан эң алдыда. Ишкердүүлүктө нааразылыкты туудуручу жең ичинен акы төлөө жоко эсе. Болсо да абдан аз. Эң төмөнкү пайызда», - деген Георгиева.
Ошондуктан бул жумуриятка инвестиянын келиши үчүн коркунуч жок деген ой айткан.Олтурум үстүндө Европалык кайрадан куруу жана өнүгүү банкынын президенти Ж.Лемьер анын банкынын башкаруучулар кеңешинин кезектеги олтуруму келаткан жылдын май айында Казанда өтө тургандыгын жарыя кылган.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы