Мусулмандар орозо айт намазына жыгылар алдында адаттагыдай эле көрүнүктүү дин ишмерлери элге-журтка ислам таалими жаатында кеп-кеңеш айтышты. Маселен, Бишкектеги Азрети Умар атындагы ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов бүгүнкү Орозо айт күнү мусулмандар бири-бирин куттуктап, айттап, араздашкан адамдары болсо кечиришкени лаазим экендигин, анткени Жараткан кечиримдүү пенделерди жакшы көрөрүн эскертти.
Ошол эле кезде жетим-жесирлерден, кары-картаңдардан кабар алуу, аларга жардам көрсөтүү да мусулманчылык парыз болорун белгиледи.
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы-ажы Жуманов мусулмандарды азыркыдай каат турмушта ысырапкерчиликтен алыс болууга чакырды жана андан аркы сөзүндө Президент Бакиев мусулмандарга каржылык колдоо көрсөткөндүгүн жарыя кылды:
-Кечээ муфтиятка, борбордук көзөмөл комиссиясына, облустук, шаардык казияттарга бирден жеңил автомашина, бирден компьютер алып берүү боюнча Президент бизге 2 миллион сом бөлдүрүп берди.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров куттук сөзүндө ич ара тынчтыкка басым коюп сүйлөдү.
Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мухаммед Реза Сабури да мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттукташты. АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орунбасарыЛи Литценбергер мырза менен Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсеттин Үнал мырза кыргызча сүйлөшүп, майрамдык маанайды ого бетер көтөрүштү.
Намазга келген карапайым мусулмандар “Эмне үчүн орусча сүйлөгөндөр минтип кыргызча сүйлөөгө аракет кылышпайт?” деген суроону бири-бирине беришти...
Куттуктаганы келген мамлекеттик кызматкерлер намаз башталганга чейин эле кетишти да, анан сапан-сап айтылып, муфтийдин имамдыгы менен мусулмандар айт намазына жыгылышты... Аянтта намаз. Оң жакта Жогорку Кеңеш имараты. Сол жакта болсо Лениндин жол көрсөтүп турган эстелиги. Намазга келгендер эски борбордук аянтка батышпай тарых музейи тараптагы сейилбакка чейин жайгашышкан.
Саясат таануучу А.Мамбеталиев интернет аркылуу тараткан катында ушунчалык көп мусулманды аянтка чогултуу кооптуу деген оюн билдирген.
Кожогелди Култегин, Бишкек