Алсак Евразия кинофестивалына Талгат Асранкулов “Бейиштин чымчыктары” деген тасмасы менен катышты. Бирок техникалык кемчиликтерге байланыштуу бул фильм көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татыган жок, дейт “Кыргызкино” концерндин жетекчиси Замир Эралиев.
Смоленскиде өткөн эл аралык кинофестивалда Марат Алыкуловдун “Чек ара” , Нурлан Асанбековдун “Бешик ыры”, фильмдери, Нурбек Эгендин “Аталар керээзи” көркөм тасмасы жана башка бир катар фильмдер көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Булардын арасынан Нурбек Эгендин “Аталар керээзи” тасмасы эң мыкты режиссер деген байгеге татыктуу болсо, Казакстанда иштеген эмгек мигранттарынын набыт болгон жолдошун өз өлкөсүнө алып бара жатканда чек арадан көргөн кыйынчылыктары, бажы кызматкерлери менен болгон чыр-чатактарын чагылдырган. “Чек ара” тасмасы үчүн Марат Алыкулов диплом менен сыйланган.
Замир Эралиевдин айтымында бул фестивалдын өзгөчөлүгү профеcсионалдардын таймашуусу.
“Келечекте башка өлкөлөрдүн фильмдерин кыргыз тилине которуп, фантастика, жомокторду, жаш балдардын,энелердин көйгөйлүү маселелелерин, сойкулук жөнүндө кино тартууну ниет кылып жатабыз” –дейт Замир Эралиев.
Он жетинчи ноябрда кыргыз киносунун 65 жылдык мааракеси белгиленет. Анын алкагында бир катар киноишмерлерге сыйлыктар тапшырылат. Бул иш-чарага бир катар өлкөлөрдөн коноктордун келиши күтүлүүдө.
Айжан Шаботоева, Бишкек