Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА БОЮНЧА ПАРЛАМЕНТТИК УГУУЛАР БОЛОТ


Өлкөнүн баш мыйзамынын жаңы даярдалган долбоорлору боюнча паралменттик угуу 1-ноябрга белгиленүүдө. Конституциялык реформа жөнүндө өлкөдө бир жарым жылдан бери сөз жүрүүдө, бирок маселеге чекит коюла элек. “Реформа үчүн” кыймылына бириккен саясий күчтөр президент алдына коюп жаткан талаптардын эң башкысы да мына ушул маселе. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, адам укуктары боюнча комитеттин төрагасы Исхак Масалиев 1-ноябрга белгиленип жаткан парламент угуулар жөнүндө “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Баш мыйзамдын жаңы даярдалган долбоорлордун саны жыйырмага жакын. Сиздер угууга президенттин жардыгы менен түзүлүп, өзүңүз да мүчөсү болгон жумушчу топтун үч долбоорун негиз кылып алып жатасыздарбы?

- Жок, андай деп айтса болбойт. Парламенттик угууда долбоорлорду анализ кылып туруп, кайсы бир вариантка токтололу деген маселе парламенттик угууда чечилет. Себеби президент жиберген үч долбоор так ушул долбоорду тандагыла деген максат менен жиберилген эмес.

- Демек бардык долбоорлор тууралуу сөз болобу?

- Чынын айтканда, негизинен конституциялык кеңешме чыгарган долбоор бар өткөн жылдын 17-июнундагы. Ошондой эле үч долбоордун тегерегинде негизги сөз болот. Башка долбоорлордон балким жакшы ой-пикирлер болсо, ошолорду колдонуп биз сунуш кылабыз, ушуларды пайдаланса болот деп.

- «Реформа үчүн” кыймылы президентке баш мыйзамдын алгачкы конституциялык кеңешме даярдаган вариантын алымча-кошумчалар менен болсо дагы Жогорку Кеңешке киргизсин деген талап коюп жатат. Кабарыңыз болсо керек, президент өзү кече өкмөт мүчөлөрү менен жыйында келерки аптада 30-октябрда конституциялык реформа маселесине чекит коюу үчүн Жогорку Кеңешке келип сөз сүйлөрүн билдириптир. Ал эми өткөн апта соңу президент менен жолугуп чыккан укук коргоочулар мамлекет башчы Конституциялык кеңешменин алгачкы курамы иштеп чыккан долбоорду колдоого даярдыгын билдиргенин маалымдашкан эле. Кокус президент ошондой сунуш менен келип калса сиздердин иш планга өзгөртүү киргизилбейби?

- Биз көп деле өзгөртүү киргизбейбиз. Себеби ошол долбоор кирген күндө деле, менимче Жогорку Кеңештен өтпөй калышы мүмкүн. Көпчүлүк депутаттар добуш берип туруп, аны бекиткенбиз. Бирок бүгүн ошол долбоор так өзгөрбөй өтүп кетерине менин көзүм жетпейт. Ошондуктан парламенттик угуунун максаты, угуу мезгилде кайсы-бир маселелер боюнча президент, парламент, башка союздун ортосунда анча-мынча карама-каршылыкты, же ар кандай пикирлерди бир жыйынтыкка келтирүү максатыбыз бар. Ошондуктан эгерде ушул долбоор кирген күндө деле биз ушул максат менен ишибизди улантып, ноябрь айында сөзсүз паралменттик угуу өткөргөнгө аракет жасайбыз.

- Демек бул угуулар бир эле күн менен чектелбейт да?

- Эки этап болот. Биринчи этап 1-ноябрга, экинчиси 20-ноябрга пландаштырганбыз. Ал эми декабрда биз долбоорго токтоп, президентке сунуштаганга аракетибиз бар.

- Саясий кырдаал жөнүндө. Алдыдагы күндөр балким кырдаалдын жумшарышына шарт түзөр, бирок 2-ноябрга чоң митинг белгиленип жатканы маалым. Сизидин көз карашынызда жагдай 24-марттын алдындагыдай эмеспи?

- Жок андай эмес. 24-марттын алдында бүткүл Кыргызстан боюнча жер-жерлерде от жалындап, элдин нааразычылыгы күчөп кеткен болчу. Экинчиден ошол мезгилде шайлоо процессине абдан капа болгон шайлоочулар чыккан. Бүгүнкү күндө башкача болуп атат, 15-20 саясатчы уюштуруп аткан митинг болуп атат. Бул жерде жалпы кыргыз эл нааразы дегендей эмес, бул жерде бир топ саясатчылар жана анын колдоочулары нааразылыгын айтып, ошол максат менен митинг уюштурганы көрүнүп турат. Экинчиден, талаптары бир аз башкача болуп турат. Мисалы, эгерде 2005-жылы талаптар Аскар Акаев кетсин, мыйзамды дайыма бузуп жүргөн киши кызматты бошотсун десе, бүгүн байкасаңар талап башкача. Ошондуктан ал акыбалга окшоп турат, ошого алып барат дегенге мен ишенбейм, мага андай көрүнбөйт.

XS
SM
MD
LG