Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

БИР ТУУГАН КОНГАНТИЕВДЕРГЕ ОППОЗИЦИЯ ЭМНЕ ҮЧҮН КАРШЫ ?


Оппозиция президентке коюп жаткан талаптардын бири — бир тууган Конгантиевдерди кызматынан кетирүү болуп саналат. Алардын башкы жүйөөсү- бири баш прокурор, экинчиси Бишкек шаардык милициянын жетекчиси болуп иштеген Конгантиевдердин мыйзамдарды одоно бузуп жатканын президенттик администрация аныктап чыккан.

Баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин прокуратура тармагында жасаган реформасы өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлер, б.а. жоюлуп кеткен адистештирилген прокуратуранын кызматкерлери тарабынан катуу сынга алынган.

Кызматынан бошотулган жана кичирейтилген кызматкерлер жетекчисине нааразы болуп сотко кайрылышкан. Атайын прокуратуранын мурдагы прокурору Галина Пугачева баш прокурор ээлеген кызматына татыксыз деп, ага калыс баа берүүнү сурап президентке кайрылган.

Буга ошол кезде Камбаралы Конгантиев өз жообун берип, кандай кемчилик кетирип жаткан болсо, ал далилденүүсү керек деген эле:

-Ачык айтышсын. Менин кандай мыйзамга сыйбаган иштерди жасаганымды бүт ачык айтышсын. Мен элдин, президенттин жана парламенттин алдында жооп берүүгө даярмын.

Ошол эле убакта ишкер Мушгур Сулейманов башкы прокурор жана анын иниси, Бишкек ШИИБнын башкармасы Молдомуса Конгантиев андан коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылып жаткандыгын билдирип, президентке кайрылган.

Камбаралы Конгантиев болсо, Сулейманов жок жерден жалаа жаап жаткандыгын айтып, ал бир нече алдамчылык иштери үчүн кылмыш жообуна тартылгандыгын билдирген эле.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев жана анын бир тууган иниси, Бишкек ШИИБнын жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин үстүнөн жазылган арыздардын негизинде президенттик администрациянын алдында атайын комиссия түзүлгөн. Ал комиссиянын бүтүмү учурда “Агым” гезитине жарыяланып жатат.

Бүтүмдө комиссия мүчөлөрү баш прокурор адистештирилген прокуратураны жоюуда, айрым бир кызматкерлерди кызмат орундарына дайындоодо Конституция баш болгон бир топ мыйзамдарды бузууга баргандыгын белгилеп, сот чечимдерин аткарбай койгондугу үчүн анын баш прокурордук кызматка канчалык ылайыктуу экендигин карап чыгууну президентке сунуштаган. Ал эми Бишкек ШИИБнын жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин иши Улуттук Коопсуздук кызматы тарабынан кылдат изилденүүгө тийиш деп белгилеген.

Оппозиция өкүлдөрү президенттин кол алдында түзүлгөн комиссиянын мына ушундай жыйынтыгынан кийин да бир тууган Конгантиевдерге карата президент эч бир чара көрбөгөнүнө нааразы болушууда. “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев президенттин ушул сыяктуу көз жумду аракеттеринен улам өлкөдө мыйзамдуулуктун деңгээли түшүп кетти дейт.

ЖК депутаты Мелис Эшимканов бир тууган Конгантиевдерди кызматынан алууга президенттин эрки жетпейт деген пикирин билдирди:

-Комиссиянын чечим кабыл алганына жыйырма күндөй болуп калды. Ушул күнгө чейин чечим кабыл албаса, демек, президент мамлекетти башкара албай калганы. Бул оппозициянын же биздин оюбуздан чыгарган бирнерсеси болсо да мейли эле, президенттин өзүнүн кол алдында түзүлгөн комиссиянын чечими болуп атпайбы.

Мелис Эшимканов баш прокурор Камбаралы Конгантиевди кызматынан алуу тууралуу чечимин парламенттин күч органдары боюнча комитети да чыгарып бергенин кошумчалады.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG