Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

ИЛИМ: МАЙЛЫСУУ АЗАБЫ, ТЕСТИЕРЛЕР ЖАНА ТЕЛЕВИЗОР...


Орусиядагы 3 шаар, Кыргызстандагы Майлысуу жана Украинадагы Чернобыль – дүйнөдөгү абасы абдан булганган 10 шаардын кара тизмесине кирди. 3 жашка чыга элек балдар телевизорду көп көрсө, аутизм аттуу психологиялык дартка чалдыгышы мүмкүн. Коркуу сезими рак оорусуна өбөлгө боло алат.

Изилдөөнү жүргүзгөн Нью-Йорктогу Блэксмиз институтунун директору Ричард Фюллер Орусиядагы Норильск шаарын мындайча сүрөттөйт.

- Бул шаарда экологияны көзөмөлдөө дээрлик жокко эсе. Норильскиден ары көздөй 10-15 чакырым айдап барып, артка карасаңыз, бак өспөгөн бир айга баргандай болосуз. Өсүмдүктүн баары шаардагы ширетүүчү мештердин айынан өлүп жок болгон.

Ошондон уламбы, айтор Норильскте кардын өңү кара, аба ар дайым күкүрт жыттанат.

Кыргызстандагы Майлысуу Норильскиден алда канча кичинекей болгону менен, бир кезде Советтер Союзундагы чоң уран заводу жайгашкан шаардын 23 миңдей жашоочусу гана эмес, анын тегерегиндеги айыл-кыштактардын элинин да саламаттыгына коркунуч келтирүүдө.

- Майлысуу – жер титирөө көп болуучу чөлкөмдө жайгашкан. Жер силкинчү болсо, ал жердеги уран калдыктары дарыяга агып барып, Фергана өрөөнүн байырлаган 2 жарым миллиондой кишинин өмүрүнө коркунуч келтирет.

Профессор Фюллер баштаган илимпоздордун изилдөөсү көргөзгөндөй, майлысуулуктар арасында рак менен ооругандардын саны Кыргызстандагы башка жерлерден эки эсе жогору.

Убактысы аз ата-энелер үчүн кичинекей балдарын алаксытуунун бирден-бир жолу телевизор. Бирок бул абдан кооптуу эрмек, анткени АКШда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, 3 жашка чыга элек тестиер балдар телевизорду көп көрсө, аутизм – же жашоодон, элден обочолонуп калуу дартына кириптер болушу мүмкүн. Аутизмге чалдыккандар жеке өзүнүн дүйнөсүнө чөмүлүп, тегерегиндеги кишилер менен кантип сүйлөшүүнү билбей, атүгүл сүйлөгөндү ошол бойдон үйрөнө албай калышы да ыктымал. Мындан 30 жыл илгери АКШда андай ооруга чалдыккан балдардын саны 2 жарым миң болсо, ушу тапта ар 166 баланын бири аутизмдин ар башка түрүнөн жабыр тартат. Корнел университетинин профессору Майкл Вальдман аутизмдин жайылышына телевизордун түздөн-түз таасири бар деп эсептейт.

- 1975-жылдан 2005-жылга чейинки аутизмдин жайылуу темпин карасаңыз, ал телевизор көрүүдөгү секирикке барабар экенин байкайсыз. Бирок медициналык адабияттарда булардын байланышы эч убакта көтөрүлгөн эмес.

Буга чейин догдурлар аутизмди генетикалык оору деп эсептесе, эми профессор Вальдмандын тобу жүргүзгөн изилдөө наристе чагында телевизорго көп кадалган балдар тукумунда андай оору жок болгон күндө да, аутизм, же психологиялык дезориентация, тегерегиндеги кишилерди түшүнбөө дартына чалдыгышы мүмкүн экенин далилдеп чыгышты. Ошондуктан психикасы калыптана элек жаш балдарды телевизордон оолак кармагыла деп кеңеш бере кетмекчибиз.

Дагы бир соңку изилдөө көргөзгөндөй, коркуп жашаган жаныбарлар арасында рак оорусу өзүлөрүн эркин сезген айбанаттарга караганда эки эсе жогору кездешет экен. Изилдөөгө алынган чычкандардын улам ар нерседен коркуп жашаган түрү эки жылдан кийин кадимкидей картайып, көбү олуттуу ооруларга чалдыкканы маалым болгон. Ошол эле маалда эч нерседен коркпой бейкапар жашоо сүргөн жаныбарлар арасында рак оорусу дээрлик табылган эмес. Илимпоздор бул көрүнүш адамдар үчүн да мүнөздүү экенинен күмөн санашпайт, андыктан эч кимден коркпой-үркпөй жашоо – ден-соолукту чыңоонун башкы шарты экенин унутпаңыздар.

Венера Сагындык кызы
XS
SM
MD
LG