Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

РОССИЯ - ЖУРНАЛИСТТЕР УКУГУ ТЕПСЕЛГЕН ӨЛКӨ


Эл аралык «Чегарасыз кабарчылар» уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин бир жыл ичиндеги абалын иликтеп чыгып анын жыйынтыгын жарыялады. Анда 168 өлкөнүн басма сөзү тизмеге алынган. Аябагандай катуу кысымга алынган өлкө Түндүк Корей болгон. Андан саал ийгирээк өлкө Түркмөнстан болгон. Журналисттер укугу көп жолу тепселген мамлекеттер арасында Орусия менен Беларус бар. Төрт жыл мурда 17-орунду ээлеп турган Кошмо Штаттары быйылкы жылкы тизмеде 53-орунга чейин ылдый түшкөн. Ал тизмеде Кыргызстан 123-орунду ээлеген. Бүгүн Владимир Путин эл менен түз байланышка чыгат. Аны мамлекеттик сыналгылар, үналгылар тартып көргөзүшөт.

Кенсеси Париж калаада жайгашкан өкүмөттүк эмес уюм «Чегарасыз кабарчы» чыгарган жыйынтыкта биринчи, демек, басма сөзү кысымга алынат дегенди билбейт деген орунга - Финляндия өлкөсү коюлган. Европалык өлкөлөр арасынан басма сөз эркиндиги кысымга катуу алынып атат деген мамлекеттер Беларус (151) менен Орусия (147) болушкан.
Анын себебин «Чегарасыз кабарчылар» уюмунун өкүлү Люси Мориллон айтат:

«Орусия мурдагысындай эле демократиясы өнүкпөгөн өлкө боюнча калууда. Бул жерде басма сөз эркиндиги биринин артынан бири жок болууда. Аларды бүтүндөй Владимир Путин менен жакшы саналаш өнөр жай ээлери сатып алышты. Биз жыл сайын бул өлкөдө эч жазасыз журналисттерди өлтүрүү болуп атканына күбөдөр болуп атабыз», - деген Мориллон айым.

Орусия кийинки алты жыл ичинде сөз эркиндиги жарым жартылай сакталган өлкөлөр катарынан чыгып сөз эркиндиги такыр жок өлкөлөр катарына кошулгандыгы адилет баа болгон деп Орусиялык журналисттер союзунун жетекчиси Игорь Яковенко айткан.

«Новая газета» анализчиси Анна Политковскаяны 7-октябрде атып кеткендин эртеси «Чегарасыз кабарчылар» уюмунун президенти Робер Менар: «Орусияда демократиянын акыркы жышааны жок кылынды», - деп айткан. Быйылкы жыйынтыкты чыгарууда Пол Хлебниковдун да Маскөөдө атылып кетиши эске алынганын талдоочулар айтышат. Эмнеси болсо да Орусия сөз эркиндигин тебелеп тепсөө жагынан быйыл 9 тепкичке дагы ылдыйлаган.

Мамлекет башчы болсо маркум Политковскаянын жазгандарын капарына албаганын айткан:

«Ал калемгер Орусиялык азыркы бийликти катуу сынга алып турган. Бирок өлкөнүн ички саясий турмушуна анын тийгизчү таасир деңгээли өтө кичине эле», - деген Владимр Путин.

Сырттан көз салуучулар Тажикстан (117), Кыргызстан (123) жана Казакстанда (128) деле сөз эркиндиги анча жакшы эмес, бирок эң артта турган Түркмөнстанга караганда дурус дешет.

Баса, Ашгабад бийлиги агус айында «Азаттыктын» кабарчысы Огулсапар Мурадова айымды «ок-дары катып жүрүптүр» деген айып менен абакка кестирип кийин ал жерде анын көзүн тазалатып салган эле. «Чегарасыз кабарчылар» уюмунун өкүлү: «аны менен түшпөс президент Ниязов ким анын бийлигин сындай турган болсо андайларга эң катуу зомбулук көргөзө тургандыгын билдирди», - деп айткан.

Орусияда бүгүн бийлик ээси менен элдин дагы бир жолу баарлашуусу өткөнү жатат. Аны утурлаган «Российская газета» кечээ: «президентке ар бир секундасына бирден суроо түшүп атат», - деп жазды. Бул 2001-жылдан бери Путиндин бешинчи жолку эл менен жолугушусу болот

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы
XS
SM
MD
LG