Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

ИРАН: ЭВИН ТҮРМӨСҮНҮН 209- БӨЛҮМҮНДӨГҮ ЖАГДАЙ


Ирандын укук коргоо топтору Улуттар уюмуна жана башка укук коргоо уюмдарына кайрылып, Тегерандын Эвин түрмөсүнүн 209- бөлүмүндөгү жайдайды иликтөөнү талап кылышты. Укук коргоочулардын айтымында, 209-бөлүмдө кармалган туткундардын көбү жакындарынан кабар ала албай, адвокаттар менен байланыша албай жабыркашат. Туткундардын көбүнө начар мамиле жасалат.

Сөз болуп жаткан Евин түрмөсүнүн 209-бөлүмүндө жети ай бою кармалган белгилүү укук коргоочу – адвокат Абдолфатах Солтани түрмөдө отурган алгачкы эки айдын ичинде сырткы дүйнөдөн таптакыр кесилип калганын баяндайт. Анын айтымында, аны адвокат жана тууган- туушкандары менен жолугуштурбай, гезит- журналдарды окууга, радио угуп, телевизор көрүүгө уруксат бербей, кармашкан. Беш чарчы метр келген кенедей камерага бир гана Куран китебин алып кирүүгө уруксат этишкен.

«Үй бүлөм жана адвокат менен жолугуша алган жокмун, мага китеп окуп, радио угуп, телевизор көргөнгө да уруксат беришкен жок. Жанымда бир гана Куран китеби болду. Сырткы дүйнө менен байланыша албай, эки ай бою тунжурап жалгыз болуу бул психикалык кыйноонун күчтүүсү. Мындай абалдан чыгуу үчүн көптөгөн туткундар коюулган айыптарды мойунга алууга даяр болушат»,- дейт Солтани.

209- бөлүмдүн туткундарынын ысмы расмий Эвин түрмөсүнүн расмий тизмесинде аталбайт. Ошон үчүн туткундардын туугандары алардын кай жерде кармалып жатканын билбей жүрөк заада болушат. Саясий жана коопсуздук себептер менен камалган адамдардын кыйласы дал ошол 209- бөлүмдө расмий айып койулбастан бир айдан ашык кармалган учурлар арбын. Туткундар күнүнө нечен ирет сурака алынат. Аларга уктоого жана дары-дармек алууга уруксат этилбеген учурлар бар. Туткундар келтек жеген учурлар да жок эмес.

Ирандагы Укук Коргоочу Активисттердин Уюму аттуу топтун Европадагы өкүлү Садех Нагашкар сөз болуп жаткан 209-бөлүм Евин түрмөсүнүн жетекчилиги менен жалпы эле өлкөнүн жазаа өтөө башкармалыгына баш ийбегенин билдирет.

«209-бөлүм Эвин түрмөсүнүн жүрөк үшүн алган жерлеринин бири. Аны Улуттук чалгындоо министрлиги көзөмөлдөйт. Бул бөлүмдө иштеген тергөөчүлөр туткундарга өздөрү билгендей кысмак кылышат»,-деди Садех Нагашкар.

Бул жерден мыйзам боюнча чалгындоо министрлиги түрмө ачууга жана туткундарды суракка алууга укуктуу эмес экенин, ал тек гана иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгын полицияга өткөрүп берүүгө милдеттүү экенин кошумчалай кeтүү абзел.

Өткөн жайда Ирандын мыйзамгерлери Эвин түрмөсүн көргөнү келишкенде 209- бөлүм жабык болгон, ушундан улам депутаттардын бири Акбар Алеми анда болуп жаткан окуялардан "шек санап турганын" айткан.

Укук коргоочулар Иранда өлкөнүн жаза өтөө жайларынын башкармалыгына баш ийбеген түрмөлөр пайда болгондугу тууралуу да маалымдашат. Андай түрмөлөрдүн саны канча экенин белгисиз. Түрмө катары расмий катталбаган бул жайлар ар түрдүү коопсуздук мекемелерине баш ийишет. Көптөгөн реформачыл саясатчылар менен укук коргоочулар мындай түрмөлөрдү жабууну талап кылышууда.


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG