Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

БАКИЕВДЕР МОСКВАДАН ҮЙ САТЫП АЛЫШТЫБЫ?


«Дело №» гезити «Асаба» партиясынын теңтөрайымы, белгилүү коомдук ишмер Роза Отунбаеванын пикирин билүүгө кызыккан.

-Биз Курманбек Бакиевди жана аны жактагандарды жакшы билебиз. Президент менен сүйлөшүүгө бир жылдан бери какшап келаткан талаптарыбыздын аткарыларына ишенгенде гана барабыз. Аскар Акаевге каршы аттанганда да бийликке анын жасалма көчүрмөсүн алып келүү үчүн чыккан эмеспиз,-дейт Роза Отунбаева.

-Бакиев да түшүнбөсө, реформа жасагысы келбесе эмне болот?

-Ар бир адам бара турган жолун өзү тандап алат. Айкөл Россия КМШнын качкын президенттери үчүн башпаанек кыла турган жакшы жай болбодубу. Угушума караганда Бакиевдар да Россиядан үй сатып алышыптыр деп атышат. Балким көчүп кеткени даярданып жаткандыр,- деп жооп берет Роза Отунбаева.

Ортодогу көпүрөлөрдүн баары өрттөлдү, кайышкан карама-каршылык түйүнү 2-ноябрда чечилет деп «Реформа үчүн» кыймылы айтып жатат, деги 2-ноябрда эмне болот? Мына ушундай суроо менен гезит саясый-укуктук изилдөө борборунун жетекчиси Тамерлан Ибраимовго кайрылганда ал үч божомолду айткан:

-Биринчи, митинг тынч өтөт. Президентке талаптар коюлат. Коюлган талаптарды ал аткарууга аргасыз болот. Экинчиси, эми анын жүзүн ары кылсын, эң эле опурталдуусу-кокус кан төгүлүп кетсе, оппозициянын да, бийликтин да эмне болорун айтуу кыйын. Үчүнчүсү, митинг эки тарапка тең эч нерсе бербейт, буга дейре кандай болсо так ошондой бойдон кала берет. Жаңы митингдер ошондон кийин башталат.

Ушул эле гезит Кыргызстандын улуттук банкы көптөн бери коомчулукту дүрбөтүп келаткан HIPC программасына кирүүнү жактап жатканын белгилеп, айрым адамдарга бул программага кирсе эмне болот деп сураганда, политолог Зайнидин Курманов:

-Мен экономист эмесмин, прагматикмин. Тышкы карызыбыздан кутулсак пенсия, айлык маяна көбөйөт эле,-десе, дагы бир политолог Нур Омаров:- Мен таптакыр каршымын, ага кирсе Кыргызстан эркиндигинен толук кол жууйт. Он беш жылдан берки жасаганыбыз да, жашаганыбыз да түккө турбаган нерсеге айланат. Буга кирген бир дагы өлкөнүн байпагы манат болуп кеткенин уга элекмин,-деген.

Көз карандысыз экономист-эксперт Уланбек Абдыразаков: - Мен каршымын. HIPCе кирүү Кыргызстанга орду толгус кесепеттерди алып келет. Мына ушундай программага кирген Африка өлкөлөрүнүн эчкимиси ушул кезге чейин боорун жерден көтөрө элек, деп жооп берген.

«Белый параход» гезити өлкө премьер-министри Феликс Куловго бүгүнкү күндөгү саясы кырдаал боюнча суроо салып:- Оппозиция сиздердин тандемди Башмыйзамды реформалоону кечиктиргениңиздер үчүн күнөөлөп жатпайбы?- десе.

-Эгер эсиңиздерде болсо, Бакиев экөөбүз түзгөн келишимде баары ачык жазылган, анда кимибиз президент болуп шайлансак ошонубуз Конституциялык реформа жасайбыз дегенбиз. Ал эми иш жүзүндө кандай болуп атканын өзүңөр көрүп турбайсыңарбы,-деп жооп берген.

- Бишкектиктер өткөн жылдын 24-мартындагыдай эле алдыдагы 2-ноябрдагы митингде да ар кандай башаламандыктан чочулап, алтургай баягыдай талап-тоноо болуп кетеби деп заарканып турушат, буга кандай дейсиз?

- Тынч митингден коркпош керек. Өткөндө «ак кепкачандар» деп аталган маңкуйткулардын карөзгөй аракеттеринен улам башаламандык башталып кеткен. Мен ички иштер министрлигине так ушул сыяктуу башаламандыктын болуп кетпеси үчүн милдеттерди койдум. Биз бардыгын көзөмөлдөп турабыз,- деп жооп берет премьер-министр.

«Белый параход» гезити Кыргызстандын тышкы саясаттагы ордуна ой калчаган макала басып, террорчулукка каршы күчтөрдүн Манас аэропортуна жайгашуусуна жол берүү менен Кыргызстан иш жүзүндө Америкалык саясаттын жетегинде калды. Мейли, Вашингтон жакында террорчулукка каршы күрөштүн алкагында 2,5 миллион доллар ыргытат экен, ал акчага айланып келип эле ат жетпес тоолордун арасындагы чегараларды коргоо үчүн баягыл Орусиядан «МИ-8 МТВ» вертолетторун сатып алып жатпайбызбы,-дейт макаланын автору Сергей Кожемякин мырза.

Ошол эле учурда автор он беш жылдан ашуун мезгилден бери Кыргызстан Орусиянын эмес дал ошол Американын жардамы менен жардан ары учуп кетпей жан багып келатканын бир ооз сөз кылгысы келбейт.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG