Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:57

ЖЕР БАЙЛЫГЫ ТҮГӨНҮП БАРАТАТ


Адамзат обурун тыйбаса, жарым кылымдан соң Жер шарындагы ресурстарды түгөл түгөтүп тынышы мүмкүн, деп эскертет Бүткүл дүйнөлүк табият фондусу. Уюмдун “Жандуу планета – 2006” аталыштагы докладында акыркы кырк төрт жылда жер бетиндеги өсүмдүктөр менен жаныбарлар –31,ичүүгө жарактуу суу – 28, деңиздеги ресурстар –27 процентке азайганы айтылат.

Адамзат Жер шарындагы ресурстарды өтө ылдам калдыкка айлантууда, табият болсо бул калдыктарды кайрадан ресурска айлантканга үлгүрбөй жатат, деп белгиленет докладда. Ушул арым сакталып калса, болочоктогу муундарга азыркыдан алда канча башка планета мураска калат. Табигый чөйрөгө адамзат өтө чоң оорчулук келтире баштады, натыйжада Жер шары ушу тушта эле өз ресурстарын толук өлчөмдө кайра калыбына келтире албай калды, деп көрсөтүлөт документте.

Докладда мунун эки себеби аталат: биринчиден, жер бетинде калктын саны өлчөөсүз өстү; экинчиден, дүйнөдөгү айрым элдер адамзат үчүн бир эмес, бир нече планета бар сымактанып жаратылыш байлыктарын ашкере көп керектейт.Эски материктегилер, мисалы,азыр бир жарым Европанын ресурсун керектесе, АКШ алты планетага тең келген территориянын байлыктарын керектейт. Алардын тышкары табигый чөйрөгө өзгөчө оордук келтирип жаткан өлкөлөрдөн докладда Бириккен Арап Эмиратчылыгы, Финляндия, Канада, Кувейт, Австралия, Эстония, Швеция жана башка ушу сыяктуу ондогон мамлекеттер аталат.

“Биз азыр иш жүзүндө планетанын табигый мүмкүндүгүнөн эки эсе көп ресурстарды керектейбиз”, - дейт уюмдун вице-президенти Ричард Мотт. Ошондуктан адамзат обурун тыйышы керек, антпесе Жер шарынын байлыгы түгөнгүс эмес.”Абалды адам баласы каалагандай кылып бир шилтеп өзгөртүп сала турган сыйкырдуу таякча жок”,- деп эскертет Мотт. Анын айтымында,суу запастарына айрыкча сарамжал мамиле зарыл, транспорт каражаттарына,шаар курулушуна,айыл чарбасына,иши кылып, бардык өлкөлөрдүн экономикасына,маданиятына тиешелүү маселелерге,бул чөйрөдө калыптанган адат-салттарга,жосун-жолойго мурдагыдан башкача мамиле жасоо талап кылынат.

Табигый байлыктарды азыркыдай ысырапчылык менен керектеп отурганда,жарым кылымдан кийин Жер шарындагы жашоо-турмушту сактап калганы эки планетанын ресурсу зарыл болот, деп экскертишет докладдын авторлору.

Эксперттер да мындай прогноз адамдар менен бирге жаныбарлар үчүн да жаман апаз экени калетсиз дешет.

XS
SM
MD
LG