Шариат мыйзамдары боюнча адамдар көңүлдөш күтүп, күйөөсүнүн жe аялынын көзүнө чөп салгандыгы үчүн таш бараңга алып өлтүрүлөт. Мындай кылмышка барган аял менен эркекти жууп, ак кепинге ороп, аялдарды көкүрөгүнө чейин ал эми эркектерди бел кырчоосуна чейин терең чуңкурга салып, эч кандай кылмыштуу иштерди кылып көрбөгөн кишилерге таш менен урдурушат. Жазага тартылып аткан адам, бир эки койгондон кийин эле жан бебестен, узак кыйноодон кийин көз жумуш керек. Ошон үчүн аларга ыргытылган таштар ого эле чоң, же шагылдай майда болбошу керек.
Иранда адамдар таш бараңга алынып жазаланган эң соңку учур Мэшхед шаарында май айында катталган. "Бузукулук кылды" деп айыпталган аял менен анын көңүлдөшүн таш бараңга алууга Революция Сакчылары менен Басиждердин жүздөн ашык жоокери катышкан.
Бул түркөй ырайымсыз жазанын көз көрүнөө ишке ашырылганына тынчсызданган укук коргоочулар 2002-жылы жарыяланган мораторийге карабастан, таш бараңга алуу өлкөдө улантылып жатканын айтышат. Аялдардын укуктарын коргоочу Махбубех Аббасголизадех муну сөз болуп жаткан мораторийдин мыйзам аркылуу бекитилбегени менен түшүндүрөт.
"Биздин мыйзамдар боюнча соттор көз карандысыз жана бул таш бараңга алуу практикасынын токтотулбаганынын бир себеби болуу керек.Экинчиден бийликке жаңы өкмөттүн келиши менен саясий атмосфера өзгөрүп, таш бараң менен жазалоого ыктаган соттордун активдүүлүгү күчөгөн көрүнөт. Ошон үчүн биз таш бараңга алуу мыйзам аркылуу токтотулбаса, соттор андай өкүмдөрдү мындан ары да чыгара беришет, деген ойдобуз" ,- деди укук коргоочу.
Аббасголизадех мораторий жарыяланган 4 жылдан бери мындай ырайымсыз жазага канча кишинин тартылганы белгисиз экенин айтат. Жакында парламенттин депутаты Ельхам Аминазадех айым Брюсселге жасаган сапарында Еврошаркеттин өкүлдөрүн таш бараңга алуу токтотулду, деп ишендирген.
Бирок укук коргоочу Аббасголизадех бул ырайымсыздык түрмөлөрдө улантылып жатканын маалымдайт. Анын айтымында мындан төрт жылча мурда камакка алынган саясий туткун өз камерасында отуруп, түрмө башчылыгы туткундарга бир аялды таш бараңга алдыртканын өз көзү менен көргөнүн баяндап берген.
Октябрь айында Эмнести Интернешинел деген укук коргоо уюмунун баш катчысы Ирене Хан Ирандан таш бараңга алып жазалоону тез арада толугу менен токтотуусун талап кылды.
Расмий булактар мындай өкүм чыгарылган эки аялдын иши азыр убактылуу токтотулуп, жогорку сот инстанцияларында кайра каралып жатканын маалымдашууда. Бирок ирандык укук коргоочулар таш бараңга алууну толук жок кылууга аракеттене турганын айтып жатышат.
Баян Жумакадыр кызы, Прага