Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

БЕКЕР ПАЛОО ЭМЕС ЭЛЕ ҮГҮТ ОПЕРАЦИЯСЫ БЕЛЕ?


Орозо айт күнү "Бишкек мусулмандар жамааты" деген уюмдун милиция кармап кеткен адамдарынын үчөөсү дале бошотула элек.Алар борбордук аянтта бекер тамак, кийим-кече таратып жатканда кармалган эле.Милиция кызматкерлеринин айтымында диний уюмдун өкүлдөрү тамак-аш таратуу менен чектелбей, "Хизбут-тахрир" партиясынын үгүт иштерин да жүргүзүп жатышкан.

"Бишкек шаардык мусулмандар жамааты" деп аталган каттоодон өтпөгөн уюмдун башчысы Нурланбек Сманов "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү. Мындай маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ушундан улам айт намаздан соң чогулууга болбойт, тарагыла дегенге ынабагандарды милиция кармап кеткен. Бул туурасында "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Жумаев маалымдады:

- Аялдар чыр салып, кыйкырып өкүргөндөн кийин участкалык милиция алып келип, чара колдонду. Документи, каттоолору барларды, лидерлеринен тартып кетирдик. Анан үч эркек бала камалып турат. Алардын эч кандай документтери жок экен, үй-жайсыз адамдарданбыз дейт.

Милициядан бошогон жарандар тартип коргоо кызматкерлери жөн эле тарагыла деп айтуу менен эле чектелген эмес деп билдиришүүдө. Тазагүл Сатарова да ошол кармалгандардын арасында болчу.

- Биз милицияларга эмне үчүн аппараттарды аласыңар, эмне үчүн свет бербейсиңер, бир саат убакыт берсеңер биз белектерибизди берели, ашыбызды тараталы, биз мусулмандардын атынан келип жатабыз, ушулар да аллах берген ырыскыдан жеп калышсын десек, түрткүлөп, менин жанымда турган эжени буту-колунан сүйрөп, колдорунан түшүрүшүп, цемент тепкичке тийип белин оорутту. Мен ага жардам берсем, мени кошо машинага сүйрөп, алып кетишти. Саат 11ден баштап, түнкү саат 10го чейин кармашты.

Кыргызстан диний башкармалыгы орозо айтта кайрымдуулук кылалы деген бул уюмду тааныбайт. Бул туурасында башкармалыктын жетекчиси Муфтий Муратаалы Жуманов билдирди:

-Андай уюм жок өзү. Телевизордон кайрымдуулук өткөрөбүз деп берип жатат дегенин угуп жүргөнбүз. Бирок бул кишилерди тааныбайм. Бул дин башкармалыгынын, муфтияттын расмий дин кызматынын уюштурганы эмес. Башкасын мен билбейм.

Бишкек мусулмандар жамааты деген уюмдун өкүлдөрү, орозо айтта өткөрчү кайрымдуулук иштери туурасында “Мутакалим” мусулман аялдар коомуна кабарлаган. Бирок уюмдун ишмердүүлүгу шек туудургандыктан алар чогуу кайрымдуулук иштерине аралашпоону чечкендигин айтат мусулман аялдар коомунун башчысы Жамал Фронтбек кызы:

- Булар мага да келишкен. Бир миллион сомубуз бар, иш-чара өткөрөбүз деп жатышкан. Булардын иштери туура эмес болуп атат. Мен муфтият менен кеңешкенимде, баары эле булар хизбут деп айтышты. Ошондон кийин биз да аралашпай калдык.

Бишкек мусулмандар жамаатынын өкүлдөрү Хизб-ут-Тахрир уюму менен байланышы бар экенин танбайт. Бирок алар ошол күнү экстремистттик деп эсептелген уюмдун эмес, жалпы эле ислам динин алкагында кайрымдуулук өткөрөлү деген дейт жамааттын мүчөсү Эрлан Бектемиров. Анын билдиришинче айт намаз күнү өтө турган иш-чаралар тууралуу тиешелүү органдарга кабарланган болчу:

-Келгиле эл-журт, орозо айтыбызды тосуп алалы деп элге жарыя кылганбыз. Бишкек мусулмандар жамааты башында туруп, жалпы, муфтийи болобу же башкасыбы, баары кошулуп, биригип иш кылып атканбыз. Баары эле жакшы болуп жаткан. Эки-үч күндөн кийин улуттук коопсуздук кызматкерлери өз ишин кылган окшойт, баары тетири карап калышыптыр. Хизб-ут-Тахрир деп бул жакта желек эч ким көтөргөн эмес. Бул жерде исламдын желеги көтөрүлүп жатат.

Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрү болгон күндө деле, майрамда тамак аш таратып жаткандарды кармап кеткени мыйзамга жатпаган иш болду дейт, Президентке караштуу адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасынын Турсунбек Акун:

- Алар жөн гана тамак берип коелу дешти да. Анын эч кандай эч нерсеси жок. Анан эми Хизб-ут-Тахрир уюму негизи согушту каалаган уюм эмес, тынчтык уюму. Бирок Хизб-ут-Тахрир деп ат коюп, партия түзүп, бийликке барабыз дегенин колдобойм. Бирок Хизб-ут-Тахрир болгон күндө да, алар элдерге жакшы оокат кылайын деген. Ошондуктан мен муну колдобойм, бул адам укугун тебелегендик. Кыргыз мамлекетине көө жапкандык. Ушуну уюштургандан тиешелүү жазасын алыш керек. Биздин комиссия бул боюнча да иштейбиз.

Айрым серепчилер аянтка миңдеп сандаган адамдардын чогулушу опурталуу экенин айтышууда. Алардын баамында өкмөт орозо айт, курман айт сыяктуу диний майрам болобу же башкабы көп элди топтолушуна жол берип, от менен ойноп жатат. Ар кандай чагым болуп кетсе жоон топту башкаруу чындап эле кыйын болуп калат деген кооптонуулар бар.

Элеонора Бейшенбек кызы
XS
SM
MD
LG