Кыргызстандын чемпионатында финалдык мелдеште бирдей упай топтогон Нарындын “Дордой- Динамо” командасы менен Канттын “Абдыш ата” командасы өткөн ишембиде эсепти ача албай тең чыгышкан. Кечээки чечүүчү беттешүүдө биринчи таймдын 13 мүнөтүндө “Дордой-Динамонун” чабуулчусу Андрей Краснов эсепти ачып, командасын алга сүрөдү.
Экинчи таймда канттык футболчулар оюнду теңдөөгө канчалык аракет кылса дагы майнап чыгара алышпады. 1:0 эсебинде “дордойчулар” үстөмдүк кылып, жеңишти колдон чыгарбады.
Жогорку кеңештин депутаты, “Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков командасы үчүн быйылкы жыл жемиштүү болгонун белгилеп, Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун жана Кыргызстандын эгемендүүлүк кубогун утуп алуу менен үчүнчү ирет өлкөнүн чемпиондугун сактап калганын айтты.
“Дордой- Динамо” командасынын чабуулчусу Замир Жумагулов оюнга жакшы даярдык көрүшкөнүн белгилеп, эми Москвада өтө турган Шериктештер кубогунда өлкөнүн намысын коргоп барууга камылга көрүүнүн зарылдыгын айтты.
Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин айтымында өлкөдө бул оюндун таасири артып, Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 119-орунга алдыга жылыштар болгонун айтып, балдар футболунун келечеги кендигин белгиледи.
Ал эми “Заман-Кыргызстан” жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев жылдан жылга кыргыз футболунун деңгээли төмөндөп, чемпионат эптеп эле өтүп жатканын белгилеп, стадионго күйөрмандар өтө аз келгенин өкүнүү менен билдирди.
Өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлбөгөндүктөн командалардын каражаты жетишпей марадан чыгып калууда. Футбол федерациясынын иш- аракетин реформалап жана чемпионатты өткөрүүнүн системасын өзгөртүү керек деген пикирин өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов кошумчалады.
Быйыл футбол боюнча Жогорку лигада 11 команда чемпионаттын баштаганы менен каражаттын айынан көбү марага жетпей калган.
Өлкөнүн футболдон 15- чемпионатынын жыйынтыгында Нарындын “Дордой- Динамо” командасы чемпиондугун сактап калды.
Ал эми экинчи орунду Канттын “Абдыш ата” командасы ээледи. Байгелүү үчүнчү орунду Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасы камсыз кылды.
Кабыл Макеш