Бул тууралуу «Мыйзамдуулукту коргоо» коомдук бирикмеси билдирген. Анын жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев губернатор Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын орунбасары Кушбак Тезекбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган нааразылык акциясына мыйзамдуу жол менен турак-жай куруу үчүн жер алалбай жүргөн 200гө жакын адам катыша тургандыгын белгиледи. Аталган коомдук уюмдун мүчөлөрү Ош облусунун жетекчилигин мыйзамсыз жер сатуу менен алектенген айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаап-жашырууда деп айыптоодо. (KJ)