Сох анклавынан транзит менен күнүнө миңге жакын Кыргызстандын атуулдары тигил же бул жакка каттап турат. Бул бир эле чегара тилкеси. Мындай мамлекет аралык тосмолор, текшерүүлөр Баткен облусунда 50гө жакын.
Кыргыз-өзбек чегарасында текшерүүдөн өтүп жаткан Баткенден Ошко бараткан автобустун жүргүнчүлөрү жолдогу азаптардан кыйналып жатышканын айтышат.
- Өзүбүз сoода сатык үчүн Карасуу базарына барабыз. Жолдогу азаптар кыйнап жиберди. Президент Бакиев Ислам Каримов менен жыйырма жолу жолугушса да абал ушул бойдон калууда, - деди баткендик Анипа.
Сөзгө анын шериги Жамила да аралашты: - Биздин жетекчилер да кенебестикке алып жатат. Жок дегенде айланып өтүүчү жолду бүтүрүп бергенде бизге жакшы болот эле. Анклавка кирбей эле өтүп калат элек.
Чегарачылар менен бажычылардын иш аракеттери жергиликтүү бийликтегилерди да ойлондурууда. Канчалаган жолугушуулар, түшүндүрүү иштери болгон менен чегара тилкелеринде дагы да болсо кыянаттык уланууда, дейт Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу органдары боюнча бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев:
-Бул жерде карапaйым эл менен карым катнаш жакшы. Чегаралаш өзбек–кыргыз айылдардын бири бирине кыянатчылык, карама каршылык жокко эсе. Бул жерде бир гана чегарaчылар менен бажычылар элдин ортосундагы байланышты бузуп, үзүп турат. Бир гана кыргыз атуулдары эмес өзбек атуулдары да бизге кайрылган учурлары болгон.
Чегарадагы кыйноолорду кыргыз атуулдары эле эмес кошуна өзбек атуулдары да башынан кечиришүүдө. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кадамжай району менен Өзбекстандын Риштан району чектешкен аймактагы Вуадил чегара бекетинде катталган укук бузуулардын натыйжасында бир топ өзбек жана кыргыз айдоочулары жергиликтүү укук коргоо органдарына өз талаптарын койгонго чейин барышкан.
Чегара чыр чатактары аймакта жайгашкан бейөкмөт уюмдарын да тынчсыздандырууда. Баткенде жайгашкан «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук уюмунун жетекчиси Роберт Абазбеков, маселени жеңилдетиш үчүн эки тараптуу биргелешкен бекеттерди куруу зарыл деген оюн айтты:
- Чегарада коррупция эч качан токтобойт. Муну токтотуш үчүн биргелешкен постторду куруy зарыл. Ошондо гана бири бирине болгон көзөмөл өсүп, кыянатчылык төмөндөйт. Бул практикада болгон.
Сабыр Абдумомунов, Баткен