Америкалык жана ирактык аскерлер кечээ Багдадда радикалдык шиит лидери Моктада ас Садырдын тобунун согушкерлерине каршы операция жүргүзүп, анда 4 согушкер мерт болду. Бакуба шаарында жардыруудан 2 полиция кызматкери каза болду, бир нече адам жаракат алды. Тал –Афар шаарында бомба жарылып, ирактык 2 жоокер шейит кеткени маалымдалды.