Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:47

БИШКЕКТЕ КОРЕЙЛЕР ҮЙҮ АЧЫЛДЫ


Анын ачылыш салтанатына Кореянын Кыргызстандагы жана Казакстандагы элчиси Ким Иль Су катышты.Корейлер үйүндө жаштар борбору, экономикалык борбор, музыкалык студия, жолугушууларды, конференцияларды өткөрө турган бөлмөлөр жана китепкана орун алган.

Бул жерде корей улутундагылар жана корей тилин үйрөнүүнү каалагандар китептерди окушуп, музыкалык студиядан улуттук музыкаларды угуу менен бирге ырларды да жаздыра алышат. Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Людмила Кан бул борбордун шарттары туурасында мындай деди.

-Биздин пенсия жашындагы чоң-ата, чоң-апаларыбыз учурда бул үйгө келишип, улуттук бийлерди үйрөнүп жатышат. Бул жерден ошондой эле корей тилин, үрп-адат, каада-салттарын үйрөтөбүз. Ошону менен бирге эле музыкалык студиябыздан калоочуларга ырларынын фонограммасын жазып беребиз. Ал эми булардын баардыгы бекер болмокчу.

Корейлер үйүндө ошондой эле “Ильчи” гезитинин редакциясы жайгашкан. Айына бир жолу чыгуучу бул гезитте Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесинин жасап жаткан иштери, корейлердин турмушунда болуп жаткан жаңылыктар, улуттук майрамдары туурасында маалыматтар чагылдырылат.

Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесинин мүчөсү Алексей Пак Кыргызстанда жашап жатышкан корейлер үчүн бул үй сөзсүз керек экендигин белгиледи.

-Менимче мындай борбордун болушу зарыл. Себеби Кыргызстанда жашап жатышкан корей улутундагылар өздөрүнүн улуттук каада-салттарынан кабардар болууга, Корея жөнүндө көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле кыргыздар да корей тилин, маданиятын үйрөнүшөт. Жалпылап айтканда эки элдин достугу, карым-катышы бекемделет.

“Он жети жылдан бери корейлердин үйүн ачсак деп ниет кылып келгенбиз. Бирок аны курууга мүмкүнчүлүгүбүз болгон эмес. Мына эми корейлердин коомдук бирикмесинин жетекчилигине Борис Анатольевичтин келиши менен Кыргызстандагы баардык корейлердин тилеги орундалып олтурат”-деди Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Людмила Кан.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG