Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

РЕФЕРЕНДУМ : ПРЕЗИДЕНТ АЙТТЫ, ОППОЗИЦИЯ КОЛДОДУ


25-октябрда Жалалабатта жергиликтүү тургундар менен жолугушууда президент Курманбек Бакиев эгерде 20-ноябрга чейин конституциялык реформа боюнча орток пикир табылбаса, маселе элдик референдумга коюларын билдирген. Оппозиция конституциялык реформа боюнча акыйкат мүнөздө референдумга каршы эместигин, бул реформаны тездетээрин билдирип жооп кайтарды.

"Парламент менен мен, президент катары конституциялык реформа боюнча бир жыйынтыкка келбесек декабрь айында маселени референдумга алып чыгам,- деп айтты президент Жалалабатта калк менен жолугушуу маалында.

Референдумда калк башкаруу формасын, конституцияны кабыл алуу жолу жана мүмкүн парламентти таркатуу, таркатпоо боюнча суроого жооп берүүгө тийиш болот. Президент ошондой эле парламенттик угууга бир ай мурун жиберилген Азимбек Бекназаров башында турган жумушчу топ даярдаган долбоорлор кыймылсыз жатканын белгилеген.

Президенттин референдум жарыялоо мүмкүнчүлүгү тууралуу пикирине «Реформа үчүн» кыймылдын пикирин Эдил Байсалов билдирди:

"Референдум болсо, ага да даярбыз. Кайрадан референдум аркылуу конституциялык реформа тезиреек болот. Парламент аркылуу үч, алты ай талап кылынса, референдум аркылуу бир айдын ичинде маселе чечилет. Референдум менен коркутууга болбойт. Парламент деле таркатылса, андан да жакшы болот. Жаңы парламент менен жаңыча иштеп калабыз".

Ал эми депутат Султан Урманаев парламентти таркатуу оңой иш эмес экенин эскертет:

"Президент парламентти таратам десе таратат. Бирок тарата турганда да бир нерсеге таянып, окшоштуруп таратат да. Эл шайлаган Жогорку Кеңешти таратуу оңой жумуш эмес. Башкасын айтпаганда, Өзгөндө, Балыкчыда шайлоо өтө албай турат. Парламентти таркатып коюп, президент жыргап отуруп калат деп ойлобоймун".

Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов референдум, парламентти таркатуу маселесине карата мындай пикирин билдирди:

"Азыр парламент менен президент тирешип жаткан жери жок. Учурда президент менен оппозициянын тирешүүсү болуп жаткандай. Конституциялык реформа, мамлекетик башкаруу формасы боюнча маселе маанилүү, ал ансыз деле референдумга коюлуш керек. Эл чечсин өзүнө кандай башкаруу фомасы керектигин".

Белгилүү болгондой Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети 1-ноябрга конституция долбоорлору боюнча паралменттик угууларды белгилеген. Ал эми оппозиция реформа талабы менен 2-ноябрда митингиге чыгат.


Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG