Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

БАКИЕВ БАТКЕНДИН ЭЛИ МЕНЕН БААРЛАШТЫ


26-октябрда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев министрлердин жоон тобу менен Баткен облусунда иш сапары менен болду. Өлкө башчысы Баткен шаарында Апсамат Масалиевдин бейнесинин ачылуу аземине катышып, Кызылкыя шаарындагы Түштүк Кыргызстан цемент заводунун пайдубалын түптөө салтанатында эстелик капсуласын жаткызды.

Алгач президент Курманбек Бакиев Баткен шаарындагы облустук музыкалык драма театрдын жанына орнотулган Апсамат Масалиевдин бейнесин ачуу аземине катышты. Саясий ишмердин кылган иши жана аткарган кызматы тууралуу өлкө башчысы Курманбек Бакиев, иниси Апсатар Масалиев, уулу Исхак Масалиев жана бирге иштегендери сөз сүйлөштү. Ошондой эле маркум Апсамат Масалиевдин арбагына куран окулуп, бейнесине гүлчамбарлар коюлду.

Апсамат Масалиевдин бейнесинин музыкалык драма театрдын маңдайына орнотулушу тууралуу Баткен коомчулугунун кайчы ой-пикирлерин анын уулу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев атасынын бейнесин орнотуу үчүн жайды жергиликтүү бийликтегилер чечишкенин айтты:

- Бул эстеликтин орнотулушун, курулушун архитектор скульпорубуз Тургунбай Сыдыков губернатор менен бир топ кеңешкенден кийин, ушул чечимге келишкен. Кээ бири айтып атат театрдын алдында болбойт деп, бирок Баткен Бишкектей чоң шаар эмес да. Ошондуктан эл жүргөн жерге орноштурганыбыз туура эле. Ар кандай сөз болушу мүмкүн, бирок эстелик коюлган, ушул эстеликтин тегерегинде тартип сакталганга бийликтеги адамдар милдеттүү болуш керек.

Курманбек Бакиевдин иш сапары Кадамжай шаарчасындагы сурма комбинатында уланды. Ал жерде өлкө башчы комбинаттын сурма затын алуу үчүн мештин кайрадан оңдолуп, пайдаланууга берилүү аземине күбө болду. Ошондой эле Кадамжай сурма комбинатынын эмгек жамааты менен жолугушту.

Андан соң президент Кызылкыя шаарындагы Түштүк цемент заводунун пайдубалын түптөө салтанатында эстелик капсуласын жаткырды. Ал жерде Баткен облусунун эл активи менен жолугушуу өткөргөн учурда, Курманбек Бакиев Кыргызстандын бир жыл ичиндеги кыйынчылыктары жана жетишкендиктери тууралуу сөз сүйлөдү, учурдагы саясий абалга да токтолуп өттү:

- Конституциялык реформа боюнча ушул жумушчу топтун үч варианты тең палатада каралсын, талкуулашсын, анан өз оюн айтышсын. Карабай, талкуулабай туруп эле президентти күлөөгөн мен ойлойм туура эмес. Ал ошол саясатчылардын деңгээлине, өздөрүнүн көз карашына жараша боло берсин, - деди Курманбек Бакиев.

XS
SM
MD
LG