Талкууга укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Асипа Мусаева, Галина Куликова жана президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясы демилгечи болууда. Алардын маалыматына караганда, жолугушууга ири партиялардын, оппозициянын, бийликтин өкүлдөрү катышмакчы. Президент Курманбек Бакиев да чакырылган. Бирок, президенттин да, оппозициянын да диалогго катышарын тараптар өздөрү тастыкташа элек. (BuS)