Ирак полициясы радикал шийилерге каршы жүргүзгөн рейдден кийин Багдадда коопсуздук чаралар күчөтүлдү. Шаардын борбордук районундагы жолдор жана көпүрөлөр жабылды. Багдадда кечээ 30 полиция кызматкери каза болгондугу маалымдалды. Ан-Нажаф шаарында кол салуу коркунучунан улам шийи мечити жабылды.