Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

27-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1875-жылдын бу күнү генерал М. Д. Скобелев Наманган шаарын ээлеп, мындагы козголоңчу кыпчактарга кол салып, шаарды кайра алууга жетишти. 1990-жылдын 27-октябрында Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо өткөрүлдү.

1875-жылдын бу күнү генерал М. Д. Скобелев Наманган шаарын ээлеп, мындагы козголоңчу кыпчактарга кол салып, шаарды кайра алууга жетишти. Чабуул маалында 6 адам шейит учуп, 38 киши жаракат алган. Наманган шаары орус бийлигинин колуна өткөндөн кийин аймакта козголоңчу кыймыл токтогон.

1990-жылдын 27-октябрында Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу президенттик шайлоо өткөрүлдү. Президенттик бийликтин компартия жетекчиси А. Масалиевге тапшырылышына каршы республиканын саясий элитасында буга чейин жүргүзүлгөн камылга өз натыйжасын берип, биринчи альтернативдик шайлоодо жогорку бийликке көрсөтүлгөн талапкерлердин бири да жетиштүү добуш алган эмес. 27-октябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынына 12 адамдын талапкердиги көрсөтүлүп, депутаттардын көпчүлүгү өлкө президенттигине Аскар Акаев кандидатурасын туура табышкан.

Мындан туура 123 жыл мурун кыргыздын атактуу комузчусу Карамолдо Орозов жарык дүйнөгө келген. 2003-жылдын 27-октябрында белгиленген атактуу комузчунун 120 жылдык юбилейи, Карамолдо Орозовдун туулган күнүн тактаган датага айланды.

Комузчу жараткан «Камбаркан», Көкөйкести», «Ибарат», «Караөзгөй» сыяктуу чыгармалар симфониялык оркестрге салынып, дүйнөлүк маданият казынасына алынды.

2003-жылдын 27-октябрында айтылуу Тайлак баатырдын эстелиги Нарын шаарынын борбордук аянтына орнотулду. Тайлак баатыр өз маалында элин коргоп, мекен үчүн жанын найза учуна кармаган арстан жүрөк баатырлардын бири болгон. Анын кытай жана кокондук баскынчыларга каршы күрөшү эл эсинде калып, теңдешсиз каармандыгы дастанга айланган.

Кворум жоктугуна байланыштуу Жогорку Кеңеш 2005-жылдын 27-октябрындагы ишин баштай алган жок. Жогорку Кеңеш маңдайында уланган Рысбек Акматбаевдин митинги жана «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин парламентти таратуу максатында 300 миң чамалуу кол топтошу, парламентарийлерди чукул арада шайлоочулары менен жолугушуу үчүн жер-жерлерге кетишине түрткү берген.

2005-жылдын 27-октябрында Жогорку Кеңеш депутаты, маркум Тынычбек Акматбаевдин жакындарын президент Курманбек Бакиев кабыл алды. Жолугушуудан кийин Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери Жогорку Кеңештин маңдайындагы митингди кандай уюшкандык менен башташса, ошондой ыкчамдык менен тарап, эски аянтты алеки заматта бошотушту.

Бу күнү, 1829-жылы АКШда дүйнөдөгү биринчи наристе коляска патенттелип, 1728-жылы англис саякатчысы, Жаңы Зеландия менен Гавай аралдарын ачкан Джеймс Кук, 1811-жылы америкалык ойлоп тапкыч Айзек Зингер, 1855-жылы биолог-селекциячы Иван Мичурин, 1944-жылы актер Николай Караченцев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG