Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

ОШ: БИЙЛИККЕ КАРШЫ МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАР ТОКМОК ЖЕДИ


26-октябрь күнү Ошто облустук акимчилик алдында губернатор Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын орунбасары Кушбак Тезекбаевдин кызматтарынан кетүүсүн талап кылган митингчилер менен бийликти коргогон адамдардын ортосунда кагылышуу болду.

Эртең мененки саат ондордон өтүп колдоруна “Коррупцияны коргогон бийлик жоголсун!". "Губернатордун жана анын орунбасарынын кызматтан кетүүсүн талап кылабыз!". "Адилеттүүлүк жана акыйкаттык үчүн!” деген сыяктуу ураандарды колдоруна көтөрүшкөн ондогон адамдар облустук акимиаттын алдына чогулушту. Борбордук аянттан аларды экинчи бир топтогу адамдар тосуп алышып, колдорунан ураандарын тартып алышып, митингди кууп таркатууга аракет кылышты. Кагылышуунун натыйжасында митингди уюштуруучулардын бири Абдыкайым Кангелдиев денесинен жаракат алды. Ал бул окуяны чагым катары баалап, буга бийликти айыптап өттү:

- Митингге чогулам деген кишилердин бардыгын таяктар менен сабашып, сөгүштү. Ошол жерде бей тааныш жаш балдар жүрдү. Алардын бирөөсү мени ичиме, экинчиси көзүмө муштап салды. Ошол жердегилер айтты, кетип кал деп. Мен кетпейм, силер жооп бересиңер дедим. Көрсө хулиган жаш балдар менен аялдар Кушбакдын кабинетинен чыгыптыр, - деди "Мыйзамдуулукту коргоо" коомдук бирикмесинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев.

Ортодогу кагылышуудан соң облус жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг таркап кетти. Митингчилерге каршы чыккан топтогу адамдар өзүлөрүн "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин мүчөлөрүбүз деп тааныштыруу менен бийликтин кызматтан кетүүсүн талап кылган иш чараны ээн баштык катары баалашты:

- Ушинтип чыгып алып туруп бийлик кетсин дей берсе, биринчиден дүйнөдө биздин мамлекеттин кадыр-баркы кетет. Стабилдүүлүк, туруктуулук болбогон өлкөгө инвестиция да келбейт, - дейт "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин мүчөсү Абдырашит Урбаев.

Ал эми Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев болсо аталган окуяга эч кандай тиешеси жоктугун белгилөө менен, бирок аталган бей өкмөт уюмдун жетекчиси Кангелдиевдин өзүн бийлик түзүлүшүнө каршы иштеп жатат деп айыптады:

- Биздин 91 пайыз добуш берген президентибиздин аброюн кетирип атат. Мен урушсам, өзүмдүн күчүм Кангелдиевге жетет, эли жок эле өзүм эсептешип алам. Менин аркамда карапайым эл бар.

Ошол эле учурда митингди уюштуруучулардын дагы бири Зыйнат Жанботоева акыйкатты табууда бийликке ишеним түгөнгөндүгүн айтып, аталган коомдун мүчөлөрү 2-ноябрдагы нааразылык чараларына карата чындык издеп Бишкекке бара тургандыгын жарыялады:

- Биз чындык, акыйкаттык орноор бекен деп канча аракет кылып атабыз. Бирок эч кандай жылыш, эч кандай өзгөрүү болбой атат. Акыркы убакта кандай чара колдонушубуз керек билбейм. Акыркы чарабыз пикет деп ойлодук эле. Бирок ар тараптан бут тосмойлор, коркутмай-үркүтмөйлөр болуп бизди тынч койбой атат. Эми бир гана жолубуз Бишкекке барат окшойбуз.

Эки тараптын кагылышуу окуясына күбө болуп турушкан милиция кызматкерлери эч кандай чараларды көрүшкөн жок. Бир канча убакыттан соң тирешкен тараптар аянттын эки жагына бөлүнүшүп, андан кийин митингчилер таркап кетишти.

Сүрөттө: Митинг учурунда таяк жеген оппозициялык бирикменин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев.

XS
SM
MD
LG