«Агым» гезити Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевдердин, ошондой эле бир тууган Конгантиевдердин үйбүлөлөрү күтүүсүздөн Бишкектен сыртка чыгарылып кетти, бирок Жалал-Абадкабы, Алматыгабы, Маскөөгөбү, белгисиз деп жазса, «Жаңы ордо» гезити айрым бир интернет-сайттардын маалыматтарына таянып, Алмаз Атамбаев үйбүлөсүн Түркияга көчүрүп жибергенин жазды.
«Агымдын» бүгүнкү санына радиожурналист Жылдыз Муслимованын маегинин уландысы басылган. Анда улуттук теле-радионун ичиндеги азыркы жагдай, мамлекеттик катчы А.Мадумаровдун кадр саясатына кантип киришкени, Кыяс Молдокасымов Марат Тазабековдун ордуна өзүнүн өкүл баласы, финансы тармагында бир да күн иштебеген Аманбаевди алып келгени, радиого бизнес кыла коюп тонналаган спирт менен кармалган Анаш Кадырованы жетекчиликке койгону… кыскасы УТРК бүгүн бардык жагынан тазаланбаса жетээр чегине жеткени кенен соз болот.
Гезит «Асаба» партиясынын жетекчилеринин бири Роза Отунбаевага: Бакиевдер байлыкты буга чейин эле топтоп койгондур?-деп суроо салат.
-Былтыр 22-мартта жыйын өткөрүп, элди түштүк тараптан апкелиш үчүн акча табалы деп сүйлөшүп жатабыз. Акчага келгенде баары эле тылтыйып унчугушпайт, Сарыгуловдун сараңдыгын эми айтпай эле коелу. Үсөн Сыдыков үтүрөйүп уккусу жок, мурду ого бетер салаңдап калды акчаны укканда. Бакиевге сиз лидер эмессизби, алты миллиондун башын айтпадыңыз беле, табыңыз, десем эле:
-Ой, кайдагы, менде акча жок,-деп туруп алып басып кеткен… Бакиев менен Куловдун HIPCден башка ооздоруна ал турган сөздөрү жок,-деп жооп берген.
«Жаңы кылым» гезити, «2-ноябрдагы митингди колдойсузбу?» деп төмөнкү жарандарга суроо бергенде, «Кыргызфильм» киностудия концерни президенти Замир Эралиев: Колдойм. Алардын Башмыйзамды реформалоо талабына кошулам,-десе, Арабаев атындагы университеттин профессору Үмүт Култаева:Колдобойм. Оппозициядагылардын жүздөрүн көгүлтүр экрандан көргөндө кыжырлар кайнап, ачуулар келип жаткандыгын угуп, билип жүрөм,-дейт.
Ал эми «Улуу Биримдик» улуттук демократиялык партия төрагасы Эмил Каптагаев:Элибиз революцияны өлкөдө жаңылануу, өзгөрүүлөр болсун, башкаруу системасы алмашсын деп жасаган. Бирок мындай ойлор орундалбай калды. Мен 2-ноябрдагы алардын талабын колдойм,-дейт.
«Кыргыз руху» көптөн бери калем майданында карааны көрүнбөй жок болуп кеткен журналист Үсөн Касыбековдун «Элдик дегенден тажай элексиңерби? деген макаласына орун берген. Автор кийинки кезде Бакиевдин бакма булбулдары элдик деген эпитетти ыгы келсе да, келбесе да эптештире берип, азыр бул сөз инфляцияга дуушар болгонун, эгер баары элдик боло берсе, маселен 24-марттагы Акүйдү басып алуу элдик революция деп атала турган болсо, анда дүкөн тоногондор эмне үчүн «элдик морадерлор» болбошу керек деген суроо коюп, «элдик бийлик» дегендин да бүгүн чын-чынына келгенде кедерине кетип, элге тиешеси азыраак болуп жатпайбы деп жазат.
«В конце недели» гезитинде Кыргыз президентине караштуу адам укугу боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун менен көз карандысыз адвокат Нина Зотова айым өлкөдөгү өлүм жазасын алып таштап, анын ордун 25-30 жылдык жаза мөөнөтү менен алмаштырууну сунуштайт. Ушул эле гезит жыргап акча табабыз деп Араб Эмираттарына азгырык менен барып жылас болушкан, Ыйык Куранды бетине кармаган өлкөдө күңгө айланып, тозокко түшкөн кыргыздын кыздары тууралуу сөз кылат.
«Кыргыз туусу» гезити «Электр станциялар» акционердик ачык коомунун баш деректири Сапарбек Балкибеков менен баарлашкан. Өлкөнүн башкы энергетиктеринин бири өз сөзүндө Кыргызстандын энергия ишканаларын жеке менчикке берүү- бул мамлекеттик башкаруудан экономикалык башкарууга өтүү жолу деген ойду айткан.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ