Төлөкан Исмаилова баштаган бир катар жарандык уюмдардын лидерлери уюштуруп жаткан тегерек үстөл жыйынына барууга президент макул болгону белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев “Азаттыкка” билдирди. Тегерек үстөлдө конституциялык реформанын мөөнөт графигин тактоо боюнча сөз жүрүүгө тийиш. «Реформа үчүн» кыймылынын штабы бул тегерек үстөлдү президент менен сүйлөшүүнүн экинчи баскычы катары эсептебей турганын белгилеп, бул иш чарага оппозициянын атынан жарандык уюм лидерлери катыша турганын билдирди. (KJ)