Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

МТРКнын ТЕЛЕОПЕРАТОРЛОРУНУН ИШ ТАШТООСУ УЛАНУУДА


Кыргыз мамлекеттик телерадио компаниясында реформа жүргүзүү талабы менен 26-октябрда иш ташташкан телеоператорлор нааразылык акциясын улантышууда.

Иш таштоого чыккан 25 телеоператор башкы директордун орун басары Бейшенбек Бекешов кызматтан кетиши керек, мамлекеттик телерадио компанияда жердешчилик саясаты токтосун, телеоператорлордун иштөө шарты, эмгек акылары жакшыртылсын жана телерадио компания реформалансын деген талап коюшууда. Алар мындай талаптарын билдирип өлкө жетекчилерине да кайрылуу жолдошту.

Иш таштоонун экинчи күнүндө - 27-октябрда алардын айрым талаптарын мамлекеттик телерадио компаниянын башка кызматкерлери да колдой башташты.

Телеоператорлор болсо мамлекеттик телерадио компаниянын учурда сапарда жүргөн жетекчиси Кыяс Молдокасымовду күтүшүүдө.

Ал эми Бейшенбек Бекешов операторлордун койгон мындай дооматтарында негиз жок, алардын айлык акылары көбөйгөн, керек болсо көчөдөн деле телеоператорлорду таап алабыз, алардын жумушу жеңил деген пикирин айтты.

Ал эми 16 жылдан бери телеоператор болуп иштеп келаткан Шаршен Солпиевдин айтымында телеоператорлордун эмгеги бааланбайт жана бир адам 4-5 кишинин жумушун жалгыз аткарат.

Мамлекеттик биринчи каналдын Жаштар редакциясынын жетекчиси Шайырбек Абдрахман уулу учурда пландалган бир дагы телекөрсөтүү үзгүлтүккө учурабай тартылып жатканын, телеоператорлорду редакцияга бөлүү идеясын колдоорун, бирок ошол эле маалда алардын айлыгын көбөйтүү керектигин маалымдады.

Башкы директордун орун басары Бейшенбек Бекешовдун “телеоператор Керим Ильичов 15 миң доллардык камераны талкалаган, ошондон кутулуу үчүн ушундай иш таштоонун уюштуруп жатат” деген дооматына Керим Ильичов мындай деп жооп узатты.

"Бул эки жыл мурда болгон окуя. Телекөрсөтүү тартып жаткан учурда кырсык болуп кулап кетип ошол камера сынган. Аны жумуштагы кырсык катары баалашып, мени төлөйсүн деп эч ким айткан эмес. Же мен өз жумушумду жасап жатып же атайылап сындырсам бир жөн. Кечээ пикетке чыксак, Бейшенбек Бекешов “ошол камераны төлөйсүң” деп күнөө коюп жатпайбы? Мындан эки жыл мурда Бекешов кайда эле?

Телеоператорлор койгон талаптары аткарылбаса «Реформа үчүн» кыймылы уюштуруп жаткан 2-ноябрдагы митингге аргасыз кошуларын билдиришүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG