Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

КОҢШУСУНАН АКШ ӨЗҮН КОРГОН МЕНЕН КОРУМАК БОЛДУ


АКШ Мексика менен тогошкон 1100 чакырымдай чекара тилкесине коргон тургузмакчы болууда. Жүз миңдеген легалсыз келгиндердин агымын азайтууга багытталган мыйзам быйыл жайда конгрессте кабыл алынган эле. Кечээ ага президент Жорж Буш кол койду. Мексикада бул кадам катуу нааразылыктарды пайда кылды.

Президент Жорж Буш мыйзамга кол коюп жатып, түштүктөгү узун коонун курулушун иммиграция чөйрөсүндөгү реформанын маанилүү элементи катары сыпаттады.” Биз – иммигранттар өлкөсүбүз,бирок биз ошондой эле мыйзамдуулуктун да өлкөсүбүз. Тилекке каршы, Кошмо Штаттары ондогон жылдар бою өз чек арасын толук күзөтө алган эмес, ошондон улам мыйзамсыз иммигранттар саны такай көбөйүп турган. Эми биз бу проблеманын жоопкерчилигин жана аны чечүү зарылдыгын сезип отурабыз. Биз эми чекараларыбызды алда канча коопсуз кылгыбыз келет”, - деп айтты Буш.

Мексиканын лидерлери бул кадамды бир ооздон сындап чыгышты. Бийликтеги президент Висенте Фокс бейшембиде кол коюлган мыйзамды Вашингтондун осол кадамы деп атады. Ал эми декабрда кызматка киришкени турган президент Фелипе Калдерон Вашингтонду Американы экиге бөлүп,Берлин дубалынын тажрыйбасын кайталагысы келип жатканы үчүн айыптады.”Бир кезде Берлинде дубал курганда, адамзат чоң катачылык кетирген эле. Кошмо Штаттары да чекарага коргон тургузууну чечип, катуу жаңылып жатат”, - деп көрсөттү Калдерон.

Мексиканын тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө АКШда кол коюлган мыйзам эки тараптын бардык мамилелерине олуттуу зыян келтире турганы айтылат. Президент Буштун администрациясын бул чечимин кайра карап чыкканга чакырып, Мексика өкмөтүнүн өкүлү коргон континентти экиге бөлүп саларын эскертти.

АКШнын өзүндө деле бул дубалды пайдасыз дегендер бар. Алардын көбү курулушка керектүү каражаттын табылышына ишенбейт, мыйзамды 7-ноябрдагы шайлоо алдындагы агитациялык ишаара дешет.

Дубалдын курулушу улуттук коопсуздук фондусунан каржыланат. Аталган фонддон ага 1,2 миллиард доллар каралган. Бирок эксперттик эсептерде курулуштун наркы бери дегенде алты,ары барганда сегиз миллиард долларга турушу мүмкүн. Мынча каражат кайдан алынат,мыйзамда бул аныкталган эмес.

Деген менен Буш жаңы коргон “21-кылымдын чекарасы” болуп каларына ишенет. Ал эң алдыңкы заманбап техникалык каражаттар менен жабдылат, чек ара бойлоруна күзөт камералары орнотулат, спутниктер, учкучу жок самолеттер колдонулат.

Коргон куруу планын Латын Америкалык өлкөлөр,эл аралык укук коргоочулар да сынга алышты. Мунапыс уюму муну “адам укуктары чөйрөсүндөгү керагар кадам” катары баалады. Мехикодо америкалык элчилик алдындагы демонстрацияга катышкандар дубалдын курулушун айыптап, аны баарыдан мурда мексикалыктардын укуктарын чектеген кадамга тогорушту жана АКШнын экономикасы иммигранттардын аркасында өсүп жатканын эске салышты.

Болжолдуу эсептерге караганда, АКШда мексикалык мигранттар 11 миллиондон ашат, алардын дээрлик теңинен көбү мыйзамсыз абалда жашашат. Былтыркы жылы эле мексикалык мигранттар өз өлкөсүнө АКШдан 20 миллиард доллар акча которушкан.
XS
SM
MD
LG