Париж. Кечээ кечинде Париждин чет жакасында жергиликтүү жаштар эки автобусту өрттөп жиберишкен. Ошону менен ушул апта ичинде эле беш автобус өрттөндү. Баш аламандыктарга жол бербөө үчүн кечээ төрт миңге жакын полиция кызматкерлери көчөлөрдө тартипти көзөмөлгө алып турушту. Былтыр ушул маалда үч аптага созулган тополоңдордун маалында социалдык саясатка нааразы жаштар он миңдей машинаны өрттөп жиберишкен.