Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:08

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН БАСМА СӨЗ КАРАЖАТТАРЫ БАРБЫ?


1930-1940-жылдары эле Шинжаң чөлкөмүндө уйгур, казак тилдеринде “Шинжаң гезити”, “Иле Шинжаң гезити”, “Кашкар Шинжаң гезити” сыяктуу чакан басылмалар чыгып келген. Кытайдагы кыргыздардын басма сөз каражаттары болсо 1950-жылдардын экинчи жарымынан, араб арибинин негизиндеги кыргыз жазуусу пайдаланыла баштагандан тарта пайда болгон.

1954-жылы Шинжаңдын түндүк-батышында Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун курулушу Кытайдагы кыргыздардын маданий турмушундагы чоң окуя болгон. Облустун түптөлүшү менен, улутташтарыбыздын билим берүү, маданият, адабият жана басма сөз тармактарында алгылыктуу иштер жүргүзүлө баштаган.

1957-жылы Кызыл-Суу кыргыз облустук «Кызыл-Суу» гезитинин алгачкы сандары жарык көргөн. 1970-80-жылдары Кытайдагы кыргыздардын ичинен Шинжаңдын борбору Үрүмчү шаарында жашагандары көбөйө баштаган.

1981-жылы Үрүмчү шаарында “Шинжаң кыргыз адабияты” аттуу журнал чыккан. Басылма адегенде айына бир жолу, 1990-жылдардын башынан тарта айына эки сандан чыгып келет. Анда негизинен Кытайдагы кыргыз адабиятчы, санжырачы, тарыхчыларынын макалалары, кыргыз акын-жазуучуларынын жаңы чыгармалары, ырлары басылат.

1985-жылдан тарта Үрүмчү шаарында кыргыз тилине которуу маселелерин изилдөөнү жана мамлекеттин тил жазуу саясатын үгүттөөнү башкы максат катары койгон "Тил жана котормо” атуу журнал чыга баштаган. Анын башкы редактору, журнал кандай максат менен түзүлгөндүгү тууралуу мындай дейт:

- Бул журнал атайын кыргыз тил, жазуусун, анын котормочулук жагын өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Азырга чейин журналдын башкы максаттары мына ушунда. Кыргыз тилин иликтөөгө эң башкы көңүл бурулат. Ушул максаттын алкагында биз журналда граматикалык, орфографиялык изилдөөлөрдү да чагылдырып келе жатабыз. Кытайдагы кыргыздардын тилин өнүктүрүү үчүн бул журналдын өтө зор мааниси бар .

1982-жылы болсо, Урүмчү шаарында жайгашкан Шинжаң Эл радиостанциясында кыргыз редакциясы ачылган. Ал күнүнө эки сааттык уктуруусун обого чыгарат. Радио чет өлкөлүк кабарларды, Кытай Эл Республикасындагы, Щинжаң аймагындагы, ошондой эле Кызыл-Суу автономиялуу облусундагы саясий, экономикалык жана маданий жаңылыктарды чагылдырат. Радиодон ошондой эле кыргыз ыр, күүлөрү берилип турат.

Акыркы эки жылдан тарта болсо, Кытайдагы кыргыздар өз тилинде эки сааттык телекөрсөтүүнү көрүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту. Миллиондуу калктын арасында саны болгону 150 миңге жакын адамды түзгөн кыргыздардын басма сөз каражаттары болгондугу аларды кубандырбай койбойт. Муну Кытайдагы кыргыздар өздөрү да жышырышпайт. Урүмчү шаарынын тургуну Ырысбек Асек буга байланыштуу мындай дейт:

-Биз үчүн бул жерде аз болсок да, өзүбүздүн журналдарыбыз, эки саат болсо да, радио, телекөрсөтүүбүз болгондугу бизди абдан кубандырат. Эми кыргыз тилиндеги радио менен телекөрсөтүү жалаң эле кыргыздарга арналбайт. Аларда жалпы өлкөдө болгон жаңылыктар, окуялар көбүрөөк берилет. Бирок, ошентсе да, биз радиону да, телекөрсөтүүнү да үзбөй көрүп, угууга умтулабыз. Озгөчө аларды Кызыл-Суудагы, Улуучат, Акчий, Актоо райондордогу кыргыздар, Иле, Текестеги кыргыздар көбүрөөк көрүп, угушат. Анткени, биз Үрүмчүдө жаңылыктарды башка каналдардан да, кытай тилинде да көрүп, уга беребиз. Ал эми айылдардагы кыргыздар болсо, кытай тилин жакшы билишпейт. Ошондуктан, өзгөчө айылда жашаган кыргыздар үчүн кыргыз тилинде радио, телекөрсөтүү болгондугу абдан жакшы болду , - дейт Ыскакбек Асек.

Үрүмчү шаарында ошондой эле Шинжаң Эл басмасынын кыргыз редакциясы 1986-жылдан тарта иштейт. Анда Кытайдагы акын-жазуучуларынын, илимпоздорунун китептери, кыргыз мектептер үчүн окуу китептери жарык көрүп келет.

Соңку жылдары Кытайдагы кыргыздар тууралуу кеңири маалыматтар камтылган интернет-баракчалары да ачылды.

Азиза Турдуева, Бишкек

XS
SM
MD
LG