Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

КАБА УУЛУ КОЖОМКУЛДУН АЛТЫНДАРЫН КИМ АЛДЫ?


29-октябрда Бишкекте Каба уулу Кожомкулдун байгесине арналган эркин күрөшү боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында кыргызстандык балбандар 5 алтын медалдын ээси болушту.

Кыргыздын даңазалуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун байгесине бул эл аралык турнир 45-ирет өткөрүлүп, быйыл кыргыздын биринчи спорт чебери, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Сарыгул Чекировдун 70 жылдык мааракеси менен коштолду. Себеби өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сарыгул Чекиров 1962- жылы ушул мелдештин биринчи жеңүүчүсү болгон.

Быйылкы турнирде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тандалган 250 балбаны күч сынашты.

Жеңил салмакта баш байгени Кыргыз улуттук университетинин студенти Турарбек уулу Нурлан жеңип алды.

60 кг. салмакта Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, чолпонаталык Максат Жакшылыков жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Кожомкулдун баш байгесин уткан Максат мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, айрыкча казакстандык атаандаштарынын чеберчилиги жогору экенин, декабрда Катардын Доха шаарында өтө турган 15-Азия оюндарында өлкө намысын коргой турганын билдирди.

66 кг салмакта дагы кыргызстандык Нооруз Белеков биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды.

Ал эми 74 жана 86 кг салмакта казакстандык балбандар Айдар Сыздыков менен Дмитрий Синеев Кожомкулдун байгесин утуп, олжолуу кайтышты.

Мелдеште мөрөй алган казакстандык Айдар 3-ноябрда Караганда шаарында өтө турган эл аралык турнирге кыргыз балбандарын чакырып, мындай таймаштарда чеберчилик өсөрүн айтты.

96 кг. салмакта финалда оштук Мехти Мамедов менен бишкектик Бекболсун Кушубаков күч сынашып, акыркы мүнөттө оштук балбанды Бекболсун упай менен утуп алды.

Оор салмакта жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Урмат Мустапаев баралына келгенде Кожомкулдай балбан болоорун айгинелеп, турнирдин баш байгесин утуп алды.


Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эшим Кутманалиев Кожомкул атындагы мелдештин деңгээли мурдакыдан төмөндөп кеткенин, Орусия, Түркия, Кытай, Монголия, Иран баштаган өлкөлөрдөн балбандарды чакыруу менен эл аралык кадыр- баркын көтөрүүнүн зарылдыгын билдирди:

- Жаштарга шарт түзүп, камкордукка алынса, бул турнирдин мааниси зор. Себеби Кожомкулдун байгесине арналган мелдештен чыгаан балбандар такшалуу мектебинен өтүшкөн. Мындай мелдешке спорт державалары болгон Орусия, Түркия, Иран, Кытай, Индия баштаган 10 мамлекеттин командасын чакырып, жогорку деңгээлде өткөрүүгө болот эле. Быйылкы мелдешти уюштуруу начар болду,- дейт Э. Кутманалиев.


Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG