Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

МЫРЗАКЕДЕ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТЫН ШАЙЛОО КАНДАЙ ӨТҮҮДӨ?


29-октябрь күнү № 37-Мырзаке шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгынын бош калган орду үчүн шайлоо жүрүп жатат. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мурдагы шайлоолордон айырмаланып, шайлоочулардын добуш берүүсүнүн өзгөчө пассивдүүлүгүн белгилешүүдө.

Мырзаке шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына жети талапкер ат салышууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Абдыжапар Бекматов шайлоочулардын добуш берүүсүнүн деңгээли түшкү саат үчкө карата болгону 26 пайызды түзүп, катышуу пассивдүү болуп жаткандыгын билдирди.

-Эми активдүүлүгү десе биз мыйзам боюнча азыр мынча пайыз, тигинче пайыз деген жок бизде. Эмгек мигранттарынын негизинде башка шайлоолорго караганда бул шайлоо бир аз төмөн болушу мүмкүн. А бирок саат бирге карата маалымат алдык округ боюнча 13 пайыз шайлоочулар келип, өзүлөрүнүн добуштарын беришти. Күз айы болуп айыл чарбасында жумуш күчөп тургандыктан шайлоо бир аз төмөн болушу мүмкүн. Негизинен шайлоочулар шайлоонун болоор күнүн, шайлоо өтөрүн, шайлоого барып добуш бере турган жерин өзүлөрү билишет,- деди Абдыжапар Бекматов.

Талапкер Адамбек Түркбаевдин ишенимдүү өкүлү Маматамин Исмаилов болсо шайлоо жараянынын жүрүшүндө талапкер Алмамбет Матуибраимов үчүн административдик ресурстар пайдаланылып жатат деп айыптады:

- Административдик ресурс пайдаланылып жатат. Жогору жактан ушундай келди деп өзү айрым жерлерде үгүт иштерин жүргүзүп жатат Алмамбет Матуибраимов. Чындыгында биз президентке нааразы эмеспиз. Губернатордун бер жагындагы административдик ресурс анан райондун чоңдору баардыгы үгүт иштерин жүргүзүп жатышат,- дейт байкоочу Маматамин Исмаилов.

Ал эми талапкер Алмамбет Матуибраимовдун ишенимдүү өкүлү Жумабү Айтбаева муну атайылап чыгарылган ушак катары баалап, айтылып жаткан маалыматты төгүндөдү:

-Бийлик колдоп жатат дегенге мен эч качан кошула албайм. Мисалы, Түркбаев Адамбектин үгүтү кетип жатат. Ошолор үгүт кылып жатышат. Ошолордун ишенимдүү адамдары.Алмамбет Матуибраимовду Бакиевдин адамдары колдоп жатат. А бизди Текебаевдин адамдары колдоп жатат деп Түркбаевдин кишилери элге ушундай үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

Көз карандысыз байкоочулардын айрымдары болсо шайлоо чыр-чатаксыз тынч өтүп жаткандыгын белгилешкени менен атуулдардын көпчүлүгүнүн паспорттору жок болгондуктан добуш берүү укугунан пайдалана алышпай калгандыгын Уулкан Абдуллаева мындай тастыктады:

-Көбү паспортунун жоктугунан шайлоого катыша албай калышты. Учурунда паспортторун ала албай калган студенттер да катыша албай калышты.

Мыйзам боюнча шайлоо участоктору кечки саат сегизде жабылып, добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылмакчы.

Кубанычбек Жолдошев, Ош

XS
SM
MD
LG