Орусиялык атайын аскерлер чабуулунан аман калгандар ар жылда ошол окуяны эскерүү каадасын өткөрөт. Быйылкы 26-октябрь күнү чогулгандар алдында сүйлөгөн Норд-Ост коомдук уюмдун теңтайлаш төрайымы Татьяна Карпова бийликке карата айтылчу көп суроолор бар экенин белгиледи:
-Биз эч убакта сизден, президент Путин мырза, жеке күнөөңүздү мойнуңуздан алып таштабайбыз, - деди Карпова.
Чеченстанда аялдар тагдырын изилдеп китеп жазган америкалык социалог Розамария Скайндын айтканына караганда коомчулукта пайда болгон жаңыча көрүнүш бар:
-Мени түшүнүгүмдө жалданып согушка катышып аткан өз жанын өзү кыйган аялдар жоругу моралдык жактан чүнчүгөндөн келип чыккан. Чеченстанда андай аялдар, эгерде жанынан корккондо мындай ишке бармак эмес. Демек, алар согуштан тарткан азабын жеңилдетүү үчүн ушуга барып атканын көрсө болот, - деген Скайн айым.
Анализчилер болжолунда Норд-Осто газга ууккандар арасынан 80 пайызга чукулу эмдигиче кесел бойдон. Көбү расмий түрдө майып деп таанылып жөлөк пул ала башташкан. Ал окуядан жабыр таркандардын арызын айгектеген адвокат Труновдун айтканына караганда төрт жыл бою улам бир сот эшигин каккылап жүрүп араң дегенде 42 кишиге каражат өндүрүп берүү болгон жана 19 жетим калган бала мамлекеттик жөлөк пул ала баштаган.
Айрымдар бийлик ушул убакка дейре Норд-Остун ишин жабык бойдон кармап келет дешет. Ал тургай 25-октябрде теле аркылуу эл менен баарлашканда Путиндин бир ооз Норд-Ост, Беслан жана башка кандуу окуялар чыккан кездерди эскерип койбошу ушундан дешет.
Баса, 26-октябрде Дубровкада өлгөндөрдү эскерүү маалында ал жерде орнотулган кең тактага ушул айдан башында киши колдуу болуп өлгөн Норд-Осту барымтадан куткарууда катуу кийлигишкен журналист Анна Политковскаянын да ысмы жазылган.
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы