Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

11:00 Курманбек Бакиев :Элдик ишенимдеги өкмөт жөнүндө эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес


Президент Курманбек Бакиев элдик ишенимдеги өкмөт түзүү жөнүндө «Реформа үчүн» кыймылынын талаптарын негизсиз деп четке какты. Президенттин айтымында, бул төрт-беш депутаттын гана талабы. «Эл ишениминдеги өкмөт деп экинчи талап коюлуп жатат. Эл ишениминдеги өкмөт болбой бул кайсы өкмөт? Бул өкмөттү мен жалгыз түзгөн жокмун. Өтпөй тургандарды өткөзбөй койдуңар. Мына гендердик саясат дейбиз. Бир дагы аял затын өткөрбөй койдуңар. Каалаганыңарды өткөрдүңөр. Бул өкмөттүн иштегенине бир жыл бир ай болду. Эл менен жолуктум, элдин пкирин угуп келдим. Эл ырахмат деп жатат»,- деди Курманбек Бакиев.

XS
SM
MD
LG