Конгодо кечээ өткөн президенттик шайлоо зомбулук менен коштолгондугу кабарланды. Полиция манифестанттарга ок ачып, 2 адам набыт кетти. Шайлоонун экинчи айлампасына Конгонун учурдагы президенти Жозеф Кабила жана саясатчы Жан-Пьер Бемба чыкты. Бул жерде демократиялык маанайдагы шайлоо 40 жылдан бери алгачкы жолу өтүп жатат.