Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Нигерия алты күндүк аза күтүү жарыялады


Нигериянын Сокото штатында алты күндүк аза күтүү жарыяланды. Кечээ Нигерияда жүргүнчү учак кырсыкка учурап, андагы 103төй киши мерт кеткен. Аман калган жети адамдын абалын дарыгерлер оор деп кабарлашты. Курман болгондордун арасында Нигерия мусулмандарынын муфтийи Мухаммаду Маккидо, бир катар аткаминерлер жана саясий ишмерлер бар. "Боинг 737" учагы Нигериянын борбору Абужа шаарынын аба майданынан учуп чыгып, бир аз өтпөй эле жерге кулаган. Кырсык чагылгандуу нөшөрдөн улам болгону жоромол кылынууда.

XS
SM
MD
LG