Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

11:00 Феликс Кулов нааразылык акциясына чыгардан мурда акыл калчоого чакырды

Жогорку Кеңеште чыгып сүйлөгөн премьер-министр Ф. Кулов 2-ноябрдагы өлкөдөгү кырдаалды бузганга жол берилбейт турганын билдирди. “Мен жоопкерчиликтүү билдирем, мамлекетте туруктуу кырдаалды буза турган ар кандай экстремисттик аракеттерге жол бербейбиз” деп баса белгиледи премьер-министр. Ал оппозиция коюп жаткан талаптарга кайрылып, конституциялык реформа ишке ашып, бийлик маселеси чечилсе, калганы ошого жараша чечилет деп белгиледи. Ф. Кулов ошондой эле 31-октябрда Өкмөт мүчөлөрү оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү менен алар каалаган жерде, форматта жолугуп сүйлөшүүгө макул экенин билдирди.
XS
SM
MD
LG