Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:45

АПТАНЫН МАДАНИЙ АФИШАСЫ


Бул жумада эмгек сиңирген артист, обончу, аткаруучу жана диктор маркум Жолдубай Кайыповду эскерүү кечеси өтөт. Учурунда белгилүү алып баруучу катары таанылган кыргыз теле жылдызы тирүү болсо быйыл алтымыш жашка чыкмак. Маркумга арналган эскерүү кече шейшемби күнү улуттук филармонияда өтөт. Кеченин уюштуруучусу, Жолдубай Кайыповдун иниси Малдыбай Кайыпов бул иш-чара тууралуу мындай деди.

-Бала кезден бирге өскөн досторун, классташтарын, бирге иштешкен кесиптештерин, тууган-туушкандарды, куда-сөөктөрдү чакырып, куран окутуп эскерип коелу деп чечтик. Ага карата өзүнүн ырларынан түзүлгөн концерт даярдалып жатат.

Эскерүү кеченин алкагында ошондой эле Жолдубай Кайыповдун чыгармачылык өмүр жолун чагылдырган видеотасма көрсөтүлөт. Ал эми концерттик программада маркумдун жакындары да өнөрлөрүн тартуулашат. Жолдубай Кайыпов жетимиштен ашуун обон чыгарып, маданият тармагында да таанылган. Алдыда болуучу эскерүү кечеде маркумдун обондору да ырчылардын аткаруусунда жаңырмакчы.

2-ноябрда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Ага арналган салтанаттуу иш-чара А.Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында белгиленет. Кечеде бир катар маданият ишмерлерине наамдар ыйгарылып, сыйлыктар тапшырылат. Салтанат өнөр чеберлеринин, театралдык жамааттардын майрамдык концерти менен коштолот.

1-2-ноябрда белгилүү төкмө акын Жеңишбек Токтобеков чыгармачылык кечесин өткөрөт. Бул концерт менен катар куудул, эстрада ырчысы Кубик Калыков Бишкектин тургундарына “Кубиктин махабаты” атуу шоу тамашасын тартуулайт. Кубик Калыковдун айтымында театралдаштырылган бул кечеде турмушта болуп жаткан окуялар белгилүү ырчы, куудулдардын катышуусунда тамаша иретинде чагылдырылат. Ушул эле программадагы концертин Кубик Калыков 5-ноябрда Жалал-Абаддагы Барпы театрында, 6-7-ноябрь күндөрү Ош жергесинин тургундарына тартуулайт.

3-ноябрдан тартып белгилүү куудул, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов “Күмөндөрдүн күлкүсү” аттуу тамаша кечесин тартуулайт. Алты күнгө созулчу бул концертте эл артисти Саламат Садыкова баштаган бир катар ырчы-куудулдар катышат.

Айжан Шаботоева, Бишкек

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG