Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ: ЭКИ ЖААТ БОЛУП МИТИНГГЕ ЧЫКСАК, МАМЛЕКЕТ ЭМНЕ БОЛОТ?


Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин 20-октябрдагы парламент жыйынында сүйлөгөң сөзү.

-Урматтуу президент! Урматтуу төрага жана өкмөт мүчөлөрү! Эми биз бүгүн президенттин алдында бүгүнкү күндөгү өкмөттүн кемчилиги боюнча, элдин арасындагы проблемалар боюнча, эртеңки күндөгү боло турган митинг боюнча айталы президент өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен угуп кетсин деген максатта чыгып отурабыз. Ачык айтыш керек, ойлобогула азыр мен президентти колдойт экен, коргойт экен деп. Бирок ошол эле маалда биздин кээ бир саясатчыларыбыздын да кемчиликтерин айтууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Округдагы шайлоочулардын пикирин айтып кетейин. Биринчиден, себеби мени № 29 Барпы округунун шайлоочулары шайлаган. Ошолордун добушун, ишеничин алып ушул жерге келип, алардын атынан сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Менин шайлоочуларым айтат: эң башкысы бүгүнкү күндөгү ызы-чууну токтотуп, президентти күнөөлөп жаткан адамдар далилдери болсо далили менен айтсын. Далилдери жок болсо биздин президентке берген добуштарыбызды шылдыңдап, мыскылдабасын. Президент тууралуу өтө жаман сөздөрдү айтып жатат деп кечээ айтышты алар. Эмне жөнүндө? Алмаз Атамбаев кечээки гезит бетинен окусам тим эле укмуш сөздөрдү жазыптыр. Ал жерде президент жөнүндө, “президент азыркы күндөгү саясий өлүк” деп жазыптыр. Ага байланыштуу биздин шайлоочуларыбыз менден талап кылып жатышат. Ал кишилерге айтып кой дейт. Өзүлөрүнүн ким экенин билишсин, анан кийин гана президентке асылышсын. Биз президентке 90 пайыз добушубузду бердик эле. Ал эми президент азыркы күндө буга катуу чарасын колдонсун. Эгерде президент өзүнүн чарасын колдонбой биздин добушубузду коргой албаса, анда биз өзүбүз коргойбуз дешет.

Мен ойлоймун, урматтуу саясатчылар ушундай сөздөрдү айтардын алдында бир аз ойлонсок. Ошондой сөздөрдү айтып, элдин арасына ызы-чууну салбасак деген максатта айтып отурам. Бул Алмаз Атамбаевди мен мисал катары айттым. Ошондой эле көпчүлүк биздин саясатчыларыбыз бар, көп нерселерди ката айтып алабыз. Бири-бирибиздин адамдык кадыр баркыбызга шек келтирбестен саясат боюнча, факты боюнча айталы. Туура, өкмөттө да президенттин тегерегинде иштеп жаткан адамдарда да кемчиликтер бар. Аларды факты менен айтып туруп, бирок ошол эле мезгилде адамдын өзүнүн кадыр баркына шек келтирбегенге аракет кылалы деген максатта айтып жатам.

Кемчиликтер боюнча айтып кетсем: ошол эле шайлоочуларыбыз сурап жатат, эмне үчүн бүгүнкү күндө шифер кымбат 230-240 сом болуп жатат дейт. Эмне үчүн бүгүнкү күндө цемент кымбат, пахтаны сатып алуу азыркы күндө Жалалабатта 13 сом, ашып барса 14 сомго барып жатат. Кээ бир жерде 12 сомго чейин түшүп кетти. Эмне үчүн ушунун үстүндө иштешпейт өкмөттөр, айыл чарба министрлиги, өкмөттүн башчысы мына ушуларды сурап жатышат. Алардын койгон талабы да туура. Чындыгында биз өкмөт башында парламент чогулуп, өкмөт чогулуп айтканбыз, цемент, шиферди арзандаталы, ага шарт түзөлү деп. Бирок шарт түзө албадык. Өкмөт ушул убадасын аткара алган жок. Ал эми өкмөттө иштеген тиешелүү министрликтер да ушул убадасын аткара алышкан жок.

Мен кээ бир факт боюнча айтсам. Кээ бир министрликтер боюнча, урматтуу президент айтып коеюн, сиз ушуну уксаңыз керек. Дагы бир жолу угуп алсаңыз. Ушул жерде мен эки-үч жолу фактыны келтирип айттым. Мына Улуттук монополияга каршы агентство боюнча анын башчысынын жасаган жумушу боюнча. Мына бизди түндүк-түштүк деп кимдер бөлөт. Бийликте отургандар, бийлиги бар адамдар бөлүп жатат. Жөнөкөй адамдар бөлгөн жок. Ошол киши Улуттук агентстводо бир сузактык адам иштейт экен бөлүмдүн начальниги болуп. Ошол адамды сиздер сузактыктар мени тажаттыңар, сузактыктар басып кеттиңер ушул жерди деп ал кишини жумуштан четтетип салыптыр. Бир адам иштейт экен эки, үч же беш сузактык адам иштесе мейли эле, бир эле адам. Мына президент дагы өзүңүзгө жазып алсаңыз. Ушул факты боюнча сиз тиешелүү чараны көрсөңүз деп суранаар элем. Себеби ошол адам мага ыйлап келди. Бизди ким коргойт. Ошол адам бул жерге келип айтып берем деп жатат, бизди ким коргойт деп.

МЧСтин министри сизге мен өткөндө дагы айтым эле, азыр дагы айтып коеюн. Биздин Барпы шайлоо округунда төрт жерде сиздин бюджетиңизге кирген аткара турган жумуштар боюнча мен май айында баштаймын деп айткан стенограмманы ушул жерде окуп берди беле сизге. Мына октябрь бүттү, ноябрь башталды, жумуш башталган жок. Бюджетке салынган ошо акчалар кайда кетти. Эмне үчүн аткарылбайт. Аткарылса кандай деңгээлде аткарылып жатат. Мен сизге жообун бер деп өткөндө айттым эле, бүгүнкү күнгө чейин жообун берген жоксуз. Кечээ барып көрүп келдим, элдер сурап жатат. Ошол жерде биздин жерлерди суу жеп жатат. Кана МЧС министриң, кана сен айткан жумуштардын аткарылганы.

Урматтуу депутаттар, азыркы күндө эл арасындагы бөлүп жаруучулук, мен ойлойм, бийлик талашуу гана болуп, саясий элитанын, саясат талашкан адамдардын гана жумушу болуп турат. Себеби түндүк-түштүккө бөлүү, бири-бири менен тирешүүнү саясатчылар гана жасап жатат. Муну жөнөкөй эл жасаган жок. 2-ноябрга карата митинг боюнча урматтуу менин кесиптештерим, урматтуу саясатчылар айтып жатасыңар, ал митингге бир нече миңдеген адамдарды алып чыгабыз деп. Ошол миндеген адамдарды башка тараптар да алып чыгып коюшу мүмкүн. Муну силер ойлодуңарбы? Жалалабат, Ошту коюп эле Бишкектин тегерегинен эле эгер он миң адам чыгарсаңар, башка жакты колдогон жыйырма миң адам чыгышы мүмкүн. Эгерде эки тарап болуп митингге чыккандар кандайдыр бир тирешүү болуп кетсе, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эртеңки Кыргызстандын келечегин ким ойлоду? Ошондуктан мен суранаар элем, депутат Рашид Тагаев туура айтты. Диалог, сүйлөшүү жолу менен гана чечсек. 20-ноябрдагы боло турган митингди мындай бир азайтып же болбосо ошол жерде митингде туура багыт берүү сиздердин колуңуздарда. А эгерде кандайдыр бир деңгээлде чыр чыгып кете турган болсо, анда башка тараптын адамдары да чыгышы мүмкүн. Ошондо ызы-чуу болуп бири-бирибизди чукулашып калабыз.

Эми урматтуу Феликс Шаршенбаевич сизге менин айта турган бир сөзүм бар. Азыр сиз чыгып сүйлөдүңүз, кайрылуу жасадыңыз бирок, сиз ачык айтпадыңыз. Президент айтпадыбы, 2-ноябрда эч кандай баш аламандыкка жол бербейбиз. 2-ноябрда баш аламандыкка жол бере тургандарды жоопко тартууга чейин барабыз деп. Бул эң туура. Сиз дагы ачык айтпайсызбы. Сиз 2-ноябрда чыгып жаткандарды колдойсузбу же колдобойсузбу. Же болбосо ошолорго кандайдыр бир деңгээлде өкмөт кандай чараларды көрүп жатат. Ошолорду айтыш керек эле. Сиз аны айтпай койдуңуз. Мен айттым деп жатасыз, стенограмманы мен эрикпестен көтөрүп дагы карап чыгам. Бирок, ушуну да айтпай койдуңуз, мен ушуну байкап отурдум. Ачык айтып коюшуңуз керек, сиздин позицияңыз бүгүнкү күндө биздин мамлекетибиз үчүн, эл, жер үчүн өтө чоң ролду ойнойт. Анан ачык айтпасаңыз, башкача ойлорго өтүп кетип калышыбыз мүмкүн. Ошол эле мезгилде, урматтуу депутаттар, бардыгыбыз ушуну чечип бир токтом кабыл алып коюшубуз керек деп ойлоймун. Эртең 2-ноябрдагы боло турган митинг боюнча токтом кабыл алып, элди бир аз болсо дагы тынчытып коелу. Мен дагы айтам президент бул жерде барбы, жокпу дагы бир жолу айтайын президент дагы үч жарым жыл иштөөгө толук укугу бар жана эл алдында элдин берген добушунун алдында керек болсо милдеттүү деп. Бүгүн ачыктан айтып жатышат: 2-ноябрда президентти жыгалы, аны алмаштарыбыз деп. Бул мыйзамсыз жана жоопкерчиликсиз мамиле деп ойлойм. Эгерде ушундай иш кыла турган адамдар болсо, урматтуу президент мен шайлоочуларымдын атынан айтып жатам. Менин оюм башкадыр, бирок шайлоочуларымдын оюн айтып коюуга милдеттүүмүн. Сиз ушуга чечкиндүү аракет жасашыңыз керек жана урматтуу өкмөт башчысы сиз дагы ушуга чечкиндүү аракеттерди жасашыңыз керек. Биздин шайлоочулар ушуну бизден суранып жатышат жана бизден милдеттүү түрдө талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG